Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Кыргызстан менен Өзбекстан темир жол маселелерин талкуулашты

2023-жылдын 31-октябрында Ташкентте «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин башкы директору Азамат Сакиев менен «Өзбекстан темир йуллари» АК башкармалыгынын төрагасы Зуфар Нарзуллаевдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мекеме билдирди. Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы темир жол тармагындагы кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды. Эл аралык транспорттук каттамдарды натыйжалуу пайдаланууга жана жүк

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков
Кыргызстан менен Өзбекстан темир жол маселелерин талкуулашты

2023-жылдын 31-октябрында Ташкентте «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин башкы директору Азамат Сакиев менен «Өзбекстан темир йуллари» АК башкармалыгынын төрагасы Зуфар Нарзуллаевдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы темир жол тармагындагы кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды. Эл аралык транспорттук каттамдарды натыйжалуу пайдаланууга жана жүк ташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, эки өлкөнүн жарандары үчүн ыңгайлуу саякаттарды камсыздай турган «Ташкент – Балыкчы – Ташкент» каттамы боюнча мезгилдүү жүргүнчү поезддерин киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле тараптар бул жаатта адистерди даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга кызыкдар экенин билдиришти.

Иш чаранын жүрүшүндө, тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоорун тездетүү боюнча практикалык чараларды ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар бекемделип, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы темир жол тармагындагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеген протоколго кол коюлду.

Мындан тышкары «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин башкы директору А.Сакиев Ташкент шаарында транспорт тармагында бир катар иш-чараларга, атап айтканда ШКУнун биринчи Транспорт форумуна, экинчи эл аралык авиация-логистикалык форумуна «Ер & Жорд 2023» катышты.

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More