Баткен облусундагы үйлөрдүн жана жолдордун курулушу камералардын жардамы менен көзөмөлдөнөт

Баткен облусундагы үйлөрдүн жана жолдордун курулушу камералардын жардамы менен көзөмөлдөнөт

Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарындагы социалдык жана турак жай объектилерин, ошондой эле жолдорду калыбына келтирүү жана куруу иштери камералар аркылуу көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык (25.1 км), Ак-Сай — Рават (25 км), Кулунду – Максат — Арка (30 км) и Самаркандек — Даркум — Мадиген (44.1 км) унаа жолдорундагы оңдоо, калыбына келтирүү жана курулуш  иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Курулуш подрядчиктери менен жолугушуу учурунда оңдоо, калыбына келтирүү жана курулуш  иштеринин жүрүшүн үзгүлтүксүз мониторингдөө үчүн күнү-түнү видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу жөнүндө макулдашты.

Учурда аталган иштер бекитилген көлөмдө жүргүзүлүүдө, айрым объектилерде видеокөзөмөлдөө камералары орнотулган (Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы орто мектептин курулушуна).

Курулуп жаткан жолдордун жалпы узундугу 124,2 км түзөт. КРнын чек арасындагы аймактарда жайгашкан Баткен облусунун калктуу пункттарындагы социалдык объектилерди жана транспорт инфраструктурасын калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар  артка кайтарылды

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар артка кайтарылды

14-декабрда фитосанитардык көзөмөл пункту "Черлакский" (МАПП "Ольховка") аймагында Россия ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Омск облусу боюнча инспекторлору Омск бажысынын мобилдик тобу менен биргеликте Кыргызстандан келе жаткан жашылчалар жүктөлгөн жүк ташуучу унааны токтотушкан. Маалыматка ылайык, Россия Федерациясына киргизүү үчүн фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон 21 тонна продукция

Ажылыкка баруучулар 19-декабрга чейин ажылык төломүн төлөшү зарыл

Ажылыкка баруучулар 19-декабрга чейин ажылык төломүн төлөшү зарыл

2026-жылга карата ажылыкка баруу үчүн электрондук базага киргизилип, кезек тартиби менен зыярат кылууга мүмкүнчүлүк алган жарандар 2025-жылдын 19-декабрына чейин  калган сумманы төлөп берүүгө тийиш экенин Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) маалымдады. Такталган маалыматка ылайык, аймактарда катталган ар бир талапкер 2025-жылдын 15–19-декабрында "Элдик Банк" (РСК) иш күнүнүн аягына

Кыргызстан товарлары эми Европа, Түркия, Кара деңиз аймагына чыгат

Кыргызстан товарлары эми Европа, Түркия, Кара деңиз аймагына чыгат

Кыргызстан Европа – Кавказ – Азия транспорт коридорунун (ТРАСЕКА) көп тараптуу уруксаттар системасына кошуларын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди. ТРАСЕКА уруксаты ташуучуга системага кирген бардык мамлекеттердин аймагы аркылуу эркин каттоого укук берип, өзүнчө эки тараптуу макулдашуулардан бошотот.  ТРАСЕКА уруксаты бир жолку колдонууга арналган жана бир айлампа сапардын алкагында жүк менен же жүксүз

Буга чейин эскертүү алган “Дөөлөт курулуштун” өкүлдөрү курулуш министри менен жолугушту

Буга чейин эскертүү алган “Дөөлөт курулуштун” өкүлдөрү курулуш министри менен жолугушту

Бүгүн, КРнын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” компаниясынын жетекчиси жана компанияга нааразычылык билдирип жаткан үлүш ээлери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө, министр “Кудайберген” жана “Шопоков” турак-жай комплекстери боюнча курулуш компаниянын жетекчисине бир катар суроолор менен кайрылып, курулуш иштеринин жүрүшүн тактады. Ошондой эле үлүш ээлеринин пикирлерин