Саясат
Марлен Маматалиев айлыгы 54 миң сом экенин билдирди
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөргөн маалымат жыйынында айлыгы 54 миң сомду түзөрүн, ал эми жалпы алган каражаты 80 миң сомдун тегерегинде экенин билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасынын фондусуна жыл сайын 30 миллион сом бөлүнөт. Бул каражаттын эсебинен жарандардын жана мекемелердин кайрылууларына жардам көрсөтүлүп келет.