Мамлекеттик мүлк фондуна мамлекеттик объектилерди менчиктештирүүдөн 1 млрд сом түшөт

Мамлекеттик мүлк фондуна мамлекеттик объектилерди менчиктештирүүдөн 1 млрд сом түшөт

2021-жылы мамлекеттик объектилерди менчиктештирүүнүн натыйжасында бюджетке 1 млрд сомдон ашык каражат түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди деп маалымдайт ведомствонун басма сөз кызматы.

Быйыл менчиктештирүүнүн натыйжасында, бюджетке 500 млн сом түшүүсү пландалууда. Бирок планга ылайык, үч-төрт объектини сатканда эле толуктоо 1 млрд сомдон ашышы мүмкүн.

Бакиров белгилегендей, жеке ишкерлер мамлекеттик объектилерди анын профилин өзгөртпөй иштетүү эрежелерине баш ийгенде гана менчиктештире алышат.

«Мисалы, эгерде завод менчиктештирилсе, анда профиль сакталат. Ошондой эле, алган адам жыл сайын инвестиция салууга, модернизациялоого, заводдун кубаттуулугун көтөрүүгө жана жумуш орундарын көбөйтүүгө аргасыз болот. Биз ушундай шарттарды коебуз. Бул процедураны Мамлекеттик мүлк фонду жана парламент көзөмөлдөйт », – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кореялык компания 300 кубаттоочу электр станцияларын орнотот

Кореялык компания 300 кубаттоочу электр станцияларын орнотот

3-мартта энергетика министри Таалайбек Ибраев Blue Networks Co., Ltd.нын башкы директору Но Сун Ён менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргызстанда электр заряддоо станцияларын куруу жана заманбап энергетикалык технологияларды киргизүү тармагындагы кызматташтыктын азыркы абалы жана келечеги талкууланды. Негизги макулдашуулар: * 2026-жылдын июлуна чейин өлкө аймагында 300 электр кубаттоо станциясы даярдалат.

Каракол шаарында 120 мегаваттык ЖЭБ курулат

Каракол шаарында 120 мегаваттык ЖЭБ курулат

Каракол шаарында 120 МВттык жылуулук электр борбору куруларын Энергетика министрлигинен билдиришти. Кечээ энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында курула турган жылуулук электр борборунун долбоору менен жеринен таанышты. "Долбоордун алкагында кубаттуулугу 120 МВт болгон жаңы объектти 110/35/10 кВ "Пржевальск" көмөк чордону аркылуу

“Central Asia Capital” фонду Кыргызстанга индустриалдык парк, унаа куруучу завод курууну сунуштады

“Central Asia Capital” фонду Кыргызстанга индустриалдык парк, унаа куруучу завод курууну сунуштады

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев “Central Asia Capital” инвестициялык фондунун өкүлдөрү менен жолугушуп анда төрагага бир катар инвестициялык долбоорлор тууралуу презентация сунушталды. Инвестициялык фонддун өкүлдөрү Токмок шаарында жылына 25 миңге чейин унаа куроочу заводду жана индустриалдык паркты куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары, Бишкекке

Германия Кыргызстандын тез муздатылган жашылча, жемиштерин сатып алууга кызыкдар

Германия Кыргызстандын тез муздатылган жашылча, жемиштерин сатып алууга кызыкдар

"Кыргыз Экспорт" борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев радиого курган маегинде, Кыргызстандын продукциясы, тез муздатылган жашылчалары менен жемиштерине Европа рыногунда суроо-талап өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Европадагы кардарлар, өзгөчө Германиядан, Кыргызстандан кесилген жана вакуумдалган жашылча-жемиштерди сатып алуу боюнча суроо-талаптарды жөнөтүп жатышат. "Биздин негизги өнөктөшүбүз болуп Россия Федерациясы