Бишкек шаарынын электр энергияга дебитордук карызы 5 млн сомдон ашты
Бүгүн, 6-июлдан тартып «Түндүк электр» ААК электр энергиясына мониторинг жүргүзүү жана өлчөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө системасы, дебитордук карызы бар Бишкек шаарындагы 2.7 миңден ашуун үй абоненттеринин электр жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы тиричилик абоненттеринин дебитордук карызы 5.2 млн сомго жеткен.
Компания https://se.kg сайтында абоненттердин балансын билүү бөлүмү бар экендигин эске салат. Ошондой эле, абоненттер өз балансын күнү-түнү иштеген «Түндүк электр» 1209 чалуу борборуна чалып же 0551 00 12 09 номерине WhatsApp аркылуу билдирүү жазып, билип алса болот.
Абоненттер эсептерин Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), Megacom, «О!», «Оной» терминалдары, андан тышкары, «О!», MegaPay, UMAI, «Элсом» электрондук кошелектору, «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк», «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН», «Халык Банк», «КICВ Банк», «Оптима Банк» банктарынын кассалары же «Кыргызпочтасы» аркылуу төлөсө болот.
«Түндүк электр» ишканасы ыңгайсыздык жаралбаш үчүн, абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү убагында төлөөгө чакырат.