ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын транспорттук-логистикалык системасынын өнүгүү деңгээли эң төмөн
Транспорттук-логистикалык системанын өнүгүү деңгээли боюнча Кыргызстан дүйнөнүн 160 өлкөсүнүн ичинен 108-орунда турат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) отчетунда айтылат.
ЕАЭБ өлкөлөрү жалпысынан транспорттук-логистикалык системанын жетишсиз деңгээлде өнүккөн өлкөлөр тобуна киргенине карабастан, Кыргызстан ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн ичинен дагы эң начар көрсөткүчтөрдү берет.
Казакстан 160 мамлекеттин ичинен 71-орунду, Россия 75-орунду, Армения 92-орунду, Беларуссия 103-орунду ээлейт.