Энергетика министрлиги 1-сентябрдан баштап электр энергиясына жаңы тарифтерди киргизүүнү көздөөдө

Энергетика министрлиги 1-сентябрдан баштап электр энергиясына жаңы тарифтерди киргизүүнү көздөөдө

Энергетика министрлиги 1-сентябрдан баштап электр энергиясына жаңы тарифтерди киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова бүгүн, 6-июлда маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, министрлик 1-августтан баштап жаңы тарифтерди киргизет. «Жаңы ченемдик укуктук акт Юстиция министрлигинен катталат. Эгерде долбоордун коомдук талкуусу 15-июлда аяктаса, аны өкмөттүн бекитүүсүнө сунуштоо үчүн туура бир ай убакыт керек. Андан кийин 15-августтарда биз министрлер кабинетинен жарлык күтөбүз», – деди Айдарова.

Белгилей кетсек, жаңы баа саясаты калк үчүн бирдиктүү тарифти 1.09 сом (32 тыйынга көп) түзөт. Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн кышында да, жайында да электр энергиясын колдонууга чектөө болбойт.

Суунун тартыштыгынан улам, жалпы калк үчүн кыш мезгилинде 1 миң кВт/саат чегинен ашырбай колдонуу сунушталууда. Башка ишмердүүлүк тармактарга тарифти 5.04 сомго чейин көтөрүү каралып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек-Кувейт авиакаттамы 1-марттан тарта токтоду

Бишкек-Кувейт авиакаттамы 1-марттан тарта токтоду

1-марттан тарта Бишкектен Кувейтке аба каттамдары токтотулганын "Манас" эл аралык аэропорту ЖМКларга билдирди. Маалыматка ылайык, аба каттамдары Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаалга байланыштуу коопсуздук үчүн токтотулган. Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектен Дубай, Шаржа жана Жиддага дагы аба каттамдары белгисиз мөөнөткө токтотулган. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү

Ирандагы кырдаалдан улам глобалдык авиакаттамдар олуттуу бузулду

Ирандагы кырдаалдан улам глобалдык авиакаттамдар олуттуу бузулду

Глобалдык авиакаттамдар Ирандагы жаңжалдын күчөшүнө байланыштуу олуттуу түрдө бузулганын Reuters жазды. Жакынкы Чыгыштагы эң ири транзиттик борборлор — Dubai International Airport, Abu Dhabi International Airport жана Hamad International Airport — жабылды. Учурда Иран, Ирак, Кувейт, Израиль, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Катар үстүндөгү аба мейкиндиги дээрлик бош бойдон калууда. Миңдеген каттамдар токтотулду.

Brent маркасындагы мунай баасынын барелли ICE биржасында 81 доллардан ашты

Brent маркасындагы мунай баасынын барелли ICE биржасында 81 доллардан ашты

Brent маркасындагы мунайдын баасы Лондондогу Intercontinental Exchange (ICE) биржасында 2-марттын таңында баррелине 81 доллардан ашты. Бул 2025-жылдын 23-июнунан берки алгачкы учур. Бул тууралуу соода маалыматтары көрсөтүүдө. Жуманын башында мунайдын баасы 12,2%га кымбаттады. Баанын өсүшү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу болуп жатат. Октябрь айында жеткириле турган WTI маркасындагы мунайдын

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик