Энергетикалык кризис – коңшу өлкөлөр Кыргызстанды 1.7 млрд кВт/саат электр энергиясы менен камсыз кылат
Коңшу республикалар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, Кыргызстанга 1.65 млрд кВт/саат электр энергиясын берет. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда маалымат жыйынында Энергетика министрлигинин Электр энергетика башкармалыгынын башчысы Марат Жээнбеков билдирди.
Келишимдерге ылайык, Казакстан 900 млн кВт/саат, Өзбекстан 750 млн кВт/саат электр энергиясын берет. Жээнбеков бул импорт же сатып алуу эмес, товар алмашууга негизделген ресурстар менен камсыз кылуу экендигин баса белгиледи.
«Биз энергетикалык ресурстарды 2021-жылы жана 2022-жылдын I кварталында алабыз. Кайра 2022-2023-жылдары кайтарып беребиз. Биздин божомолдор боюнча, 2022-жылдан тарта Кыргызстанда суунун көлөмү көбөйүп, биз электр энергиясын кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүк болот», – деди ал.
Чиновник энергетикалык компаниялар баштаган ГЭСтердеги, ТЭЦтердеги, подстанциялардагы, электр чубалгыларындагы, блоктордогу оңдоо иштери жөнүндө да айтып өттү.
Мындан тышкары, ал алдыдагы жылытуу мезгилинде массалык өчүрүүлөр болбой тургандыгын айтып, бирок ошого карабастан жарандарды электр энергиясын жылытууга азыраак колдонууга үндөдү.