Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен инвестициялык фонд түзүүнү макулдашты
Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен инвестициялык фонд түзүү сыяктуу бир катар келишимдерди түзүштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжанга болгон расмий иш сапарынан кийин белгилүү болгонун КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Иш сапардын алкагында министр Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен жолугушту. Эки тараптуу мамилелерди төмөнкү жолдор менен жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча макулдашышты:
- соода-экономикалык кызматташтык боюнча эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү
- Кыргызстан менен Азербайжандан товарларды жана продукцияларды өз ара экспорттоо жана импорттоо маселелерине көңүл буруу. Тараптар акыркы 5 айда өз ара соода жүгүртүүнүн 67% га өсүүшүн канааттануу менен белгилешти
- Баку – Бишкек каттамы боюнча түз аба каттамдарын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу
- биргелешкен инвестициялык фондду түзүү
- Азербайжандын «Алят» ЭЭАсын түзүү тажрыйбасын кыргыз тарапка өткөрүп берүү жана тиешелүү эксперттик топту КРга жөнөтүү
- Азербайжан Өкмөтүнүн гранттары менен Бишкек шаарында эс алуу паркынын жана орто мектептин курулушун аяктоо
- Бакуда Кыргызстандын соода үйүн түзүү
- Covid-19га каршы вакциналарды КРга жеткирүү боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу.
Министр Р.Казакбаев инвестицияларды тартуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу, коррупцияга жана криминалитетке каршы күрөшүү, мамлекеттик башкарууну жана сот тутумун реформалоо боюнча Азербайжандын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экендигин айтты.
Жолугушуунун аягында Азербайжандын Өкмөт башчысы Кыргызстанга 2021-жылдын күзүндө келүүгө даяр экендигин билдирди.