Мыйзам бузуулардан бюджетке кошумча 121 млн сом өндүрүлдү – Бажы кызматы

Мыйзам бузуулардан бюджетке кошумча 121 млн сом өндүрүлдү – Бажы кызматы

Бажы мыйзамдарын бузуудан өндүрүлгөн бюджетке түшкөн кошумча киреше алты айда 121 млн сомдон ашты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан 1301 укук бузуу фактысы аныкталган, анын ичинен:

  • 1188 мыйзам бузуу иши козголуп, 5.1 млн сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлүп, 25.3 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн
  • Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча, 113 материал тергөө органдарына өткөрүлүп берилген, алар боюнча келтирилген зыян 64.5 млн сом өлчөмүндө өндүрүлгөн.

Бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча 26.3 млн сом суммасында бажы төлөмдөр төлөнгөн.

Бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы 62.4% га же 46.5 млн сомго көбөйгөн, эгерде 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 74.5 млн. сом болсо, отчёттук кварталда бул көрсөткүч 121.1 млн сомду түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек-Кувейт авиакаттамы 1-марттан тарта токтоду

Бишкек-Кувейт авиакаттамы 1-марттан тарта токтоду

1-марттан тарта Бишкектен Кувейтке аба каттамдары токтотулганын "Манас" эл аралык аэропорту ЖМКларга билдирди. Маалыматка ылайык, аба каттамдары Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаалга байланыштуу коопсуздук үчүн токтотулган. Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектен Дубай, Шаржа жана Жиддага дагы аба каттамдары белгисиз мөөнөткө токтотулган. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү

Ирандагы кырдаалдан улам глобалдык авиакаттамдар олуттуу бузулду

Ирандагы кырдаалдан улам глобалдык авиакаттамдар олуттуу бузулду

Глобалдык авиакаттамдар Ирандагы жаңжалдын күчөшүнө байланыштуу олуттуу түрдө бузулганын Reuters жазды. Жакынкы Чыгыштагы эң ири транзиттик борборлор — Dubai International Airport, Abu Dhabi International Airport жана Hamad International Airport — жабылды. Учурда Иран, Ирак, Кувейт, Израиль, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Катар үстүндөгү аба мейкиндиги дээрлик бош бойдон калууда. Миңдеген каттамдар токтотулду.

Brent маркасындагы мунай баасынын барелли ICE биржасында 81 доллардан ашты

Brent маркасындагы мунай баасынын барелли ICE биржасында 81 доллардан ашты

Brent маркасындагы мунайдын баасы Лондондогу Intercontinental Exchange (ICE) биржасында 2-марттын таңында баррелине 81 доллардан ашты. Бул 2025-жылдын 23-июнунан берки алгачкы учур. Бул тууралуу соода маалыматтары көрсөтүүдө. Жуманын башында мунайдын баасы 12,2%га кымбаттады. Баанын өсүшү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу болуп жатат. Октябрь айында жеткириле турган WTI маркасындагы мунайдын

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик