Пенсия алуучулардын саны 30 миңге көбөйдү – Соцфонд
Соцфонд 2021-жылдын январь-июнь айларында кошумча 30757 жаранга пенсия берет. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.
Анын ичинде, 2021-жылы июнь айында 5907 жаранга пенсия дайындалды, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 959 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык, пенсиялар кайрадан эсептелип чыккан.