Улуттук банк акча алмаштыруу, алтын куймаларды сатуу боюнча операцияларын убактылуу токтотот – COVID-19
Улуттук банк өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу, ошондой эле өлчөнгөн алтын куймаларды жана нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча операцияларды убактылуу токтотот. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жана өлкө аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана андан ары тарап кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча республикалык штабдын сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянып, Улуттук банк 2021-жылдын 2-июлунан тартып, кызматкерлеринин бир бөлүгүн аралыктан иштөө режимине өткөрүү чечимин кабыл алган болчу.
Ошондой эле Улуттук банкта жарандарды жеке кабыл алуу иши да убактылуу токтотулган.