Жогорку Кеңештин комитети Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондун түзүү сунушун жактырды
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кечээ, 5-июлда, Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондун түзүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, фонддун баштапкы уставдык капиталы 16 млн долларды түзүп, келечекте 50 млн долларга чейин көбөймөкчү.
Фонд инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аянтчасына айланат. Директорлор кеңеши кыргыз тараптын үч өкүлү жана Венгрия тараптын эки өкүлү болуп беш адамдан турат.