Эрнест Карыбеков: Токтогулдагы суунун азайышынын, энергетикадагы кризистин себеби кургакчылык эмес

Эрнест Карыбеков: Токтогулдагы суунун азайышынын, энергетикадагы кризистин себеби кургакчылык эмес

КР электр энергияны Түркмөнстандан сатып алат. Тиешелүү келишимге Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол коюшту.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун 27-28-июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарында эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашышкан.

Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын августунан декабрына чейин Түркмөнстан КРга 501.9 млн кВт.саат электр энергиясын берет. Ал келишимдин алкагында, Түркмөнстан 9-августка чейин 19.2 млн кВт.саат электр энергиясын экспорттогон.

Кыргызстан Орто Азиядагы эң көп сууга ээ болгон мамлекет болуп туруп, коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын карыз сурай турган абалга кантип жеттик, эмне үчүн энергетика тармагы каттуу кризиске учурады деген суроолор менен Economist.kg сайты Энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбековго кайрылды.

– Кыргызстандагы электр энергиясынын жетишсиздигинин негизги себеби эмне? Эмне үчүн Орто Азияда суунун көп көлөмүнө ээ болуп туруп, ушундай энергетикалык кризиске учурадык?

– 2017-жылы суунун көлөмү жетиштүү эле деңгээлде болчу. Токтогул суу сактагычынын өзүнүн көп жылдык иштетүү регламенти бар. Мезгил кургакчыл болобу, жаанчыл болобу, эгерде регламент менен туура иштетсе, анда суунун көлөмү өзүбүздөн ашып, экспортко чыгарууга да жетмек. Туура эмес эксплуатация кылышкандан бул маселе келип чыкты. Бул былтыры эле чыга калган көйгөй эмес, бул көп жылдык катадан улам болду.

90-жылдардын аягында электр энергияны приватташтыруу деген программага өтүп алып, натыйжада, бул баш-аламан башкаруу системасына алып келди. 7 компанияга бөлүп жиберип, башына «Улуттук энергохолдингди» коюп, тариф менен лицензия берчү агенттикти бекитип коюшту. Алар суунун көлөмүнө жооп беришпейт. Алар суу менен иши да жок, тарифти белгилешет, ортомчу компанияларга, майнинг-фермаларга лицензия беришет. Натыйжада, керектөөчүлөр көбөйүп, свет көп кете баштады. Анысы аз келгенсип, 2017-2018-жылы Өзбекстанга арзан баада 1 сом 60 тыйындан электр энергиясын аябай көп сатып жиберишкен. Ошондо 3 сомдон ашык баада сатыш керек болчу, болбосо Минфинден кредит ала коюп, кышка даярдык көрүш керек эле. Система баш-аламан болуп, бир жоопкерчилик болгон эмес. Регламентти эч ким караган эмес. Лицензиялар туш келди берилип, керектөө көбөйгөндө ГЭСке күч келген.

  • «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2021-жылдын июль айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 971 млн 206 миң кВт/с түзгөн.

– Демек, кургакчылык эч кандай рол ойнобойт?

– Кубаттуулуктун формуласы бар, ал суунун бийиктигинен көз каранды. Суу ылдый болсо кубаттуулук да аз болот. Алар регламентти карабай иштей беришип, суунун көлөмүн түшүрүп алышкан. Азыр болсо керектөөнү жабабыз деп аны болушунча иштетип жатышат. Бул жерде кургакчылыктын эч кандай тиешеси жок.

– Демек, регламентти сактабай иштетип алгандан келип чыкты бул кризис?

– Суунун көлөмүн түшүрүп жиберүү – бул мамлекеттин коопсуздугуна тиешелүү маселе. Эмне үчүн 1 сом 60 тыйындан экспорттодук. Ким лицензияларды берди баарын көзөмөлдөш керек болчу. Бул коммерциялык жумуш эмес, мамлекеттин улуттук коопсуздугуна түздөн-түз тиешеси бар маселе. 30 жылдан бери система ылдый жактан башкарылып калган. Энергомафия президентти кургакчылык болууда деп ишендирип коюп жатат. 27-августта энергетика боюнча коопсуздук кеңеши болот деп жатышат. Коопсуздук кеңешинин секретариаты кайра эле энергетикага кайрылышат. Коопсуздук кеңешин октябрда өткөрүш керек, себеби, 1-октябрда кышка даярдык башталат, ошондо суунун көлөмү билинет.

– Абалды оңдоп кетиш үчүн эмне кылса болот? Канча убакыт керектелет?

– Суунун көлөмүн 2017-жылдан баштап түшүрүшкөн. Азыр кубаттуулукту чыгаруу үчүн көп суу кетип атат: мурда 1 кВт/с 1 куб кетсе, учурда 3-3.5 куб кетип жатат. Бишкек электр станциясынын кубаттуулугун көтөрүш керек. Коңшу өлкөлөр менен кол коюлган электр энергиясынын көлөмүн алыш керек да сууну толтуруп алыш керек. Токтогулдагы сууну толтуруш үчүн электр энергиясын карыз алууга мажбурбуз. Эгерде «өлүк көлөмгө» түшүп кетсе, анда станциянын ишин токтотууга туура келет, антпесе авария болот.

Энергетика тармагындагы кризистин себептеринин бирин министрлик көп жылдык жабдыктардын эскиргенинен деп айтып келген. Ушул жылдын июнь айында өткөн «Кыргызстандын энергетикасы» тегерек столунда энергетикалык компаниялардын карыздык милдеттенмелеринин (насыялар, ссудалар) көлөмү 129 млрд сомдон ашканын, жабдыктардын 70%ы эскиргенин маалымдаган эле.

Бирок «КРга берилген тышкы жардамдардын ачык-айкындуулугу» долбоорунун эксперттери  жүргүзгөн талдоодо Кыргызстандын энергетика тармагына чоң суммадагы гранттык жана кредиттик жардамдар келген.  

1992-2020-жылдар аралыгында Кыргызстандын энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорго 2.25 млрд доллар же тышкы жардамдын жалпы көлөмүнүн 19.6%ы тартылган. Анын ичинен 334.11 млн доллар (14.9%) гранттык ресурстар болгон, ал эми 1.91 млрд доллар (84.1%) насыя түрүндө келген. Жалпысынан 41 гранттык жана насыялык келишимге кол коюлган.

Кандай долбоорлор болгон?

Чет өлкөлүк жардам каражаттары электр энергиясын иштеп чыгаруучу ишканаларга жана электр энергиясын ташуу жана бөлүштүрүү менен алектенген компанияларга жумшалган. Ири энергетикалык долбоорлорго төмөнкүлөр кирген:

  • Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун бир нече фазалары (жалпы 320 млн доллар)
  • Афганистанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо үчүн электр энергиясын куруу долбоору CASA-1000 (172 млн доллар)
  • «Датка Кемин» электр берүү линияларын жана көмөкчордондорун куруу долбоору (389.80 млн доллар)
  • Кыргызстандын түштүгүндөгү электр чубалгыларын модернизациялоо долбоору (208 млн доллар)
  • Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору (386 млн доллар)

Тышкы донорлордун эсебинен, Ат-Башы, Камбар-Ата жана Үч-Коргон ГЭСтерин калыбына келтирүү, Бишкек, Ош, Нарын, Токмок шаарларында жана башка калктуу конуштарда электр менен жабдуу системасын жакшыртуу боюнча долбоорлор ишке ашырылган.

Бирок канча инвестициялар тартылып, сырттан канчалаган чоң суммадагы жардамдар келгени менен жогоруда айтып кеткендей, учурда республика чоң энергетикалык кризиске дуушар болду.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

2020-жылдан 2025-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети алты эседен ашык өстү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Бул өсүш куткаруучулардын айлык акысынын жогорулоосуна жана коопсуздукту күчөтүүгө түздөн-түз таасир берди, - деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 2020-жылы министрликтин чарбалык субъекттери 3,9 млн сом зыян менен иштесе, учурда 240,8 млн

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу жаңы бассейндин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Адылбек Касымалиев өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүү – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жыл сайын республикалык бюджеттен 1 млрд сомдон 3 млрд сомго

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт 2025-жылдын миграциялык абалы жана кыргызстандыктардын укуктарын коргоо чаралары тууралуу брифингде маалымат берди. Ага ылайык, 2025-жылдын декабрына карата чет өлкөлөрдө 798 400дөн ашык кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда (341 094), ошондой эле АКШда (60 миң), Германияда (15 миң), Кореяда

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Ноябрь айында Бишкек шаарында кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метринин орточо баасы сегменттер боюнча олуттуу айырмаланганын Жер ресурстары боюнча агенттиктин маалыматы көрсөттү. Эң жогорку көрсөткүчтөр турак үйлөр сегментинде катталган, ал эми эң төмөнкү баалар социалдык жана административдик кыймылсыз мүлккө тиешелүү. Бишкек шаарында 1 чарчы метрдин орточо баасы сом менен: * Турак жай