Чек ара жаңжалынан Баткенге келтирилген зыян 1.3 млрд сомдон ашты – компенсация анын жарымын да жаппайт

Чек ара жаңжалынан Баткенге келтирилген зыян 1.3 млрд сомдон ашты – компенсация анын жарымын да жаппайт

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан келтирилген зыян эсептелип чыкты. Анын суммасы – 1.3 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Регионалдык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эрмек Бахавидинов кечээ, 12-августта маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 140 үй, 76 коммерциялык жана 8 социалдык объект күйгөн. Азыр үйлөр калыбына келтирилип, ишкерлерге материалдык колдоо көрсөтүлүп, пайызсыз жана күрөөсүз кредиттер берилүүдө. Стратегиялык маанидеги жолдор калыбына келтирилүүдө.

Эске салсак, талкаланган социалдык объектилерди калыбына келтирүү үчүн республикалык бюджеттен 250 млн сом, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөөгө 51.6 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, жабыркаган ишкананын ээлерине 14.5 млн сом бир жолку компенсация түрүндө, дагы 15.2 млн сом бюджеттик ссуда түрүндө берилет.

Бирок бул төлөмдөрдүн баары, жогоруда айтылган  зыяндын суммасынын жарымын да жаппайт.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

2020-жылдан 2025-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети алты эседен ашык өстү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Бул өсүш куткаруучулардын айлык акысынын жогорулоосуна жана коопсуздукту күчөтүүгө түздөн-түз таасир берди, - деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 2020-жылы министрликтин чарбалык субъекттери 3,9 млн сом зыян менен иштесе, учурда 240,8 млн

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу жаңы бассейндин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Адылбек Касымалиев өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүү – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жыл сайын республикалык бюджеттен 1 млрд сомдон 3 млрд сомго

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт 2025-жылдын миграциялык абалы жана кыргызстандыктардын укуктарын коргоо чаралары тууралуу брифингде маалымат берди. Ага ылайык, 2025-жылдын декабрына карата чет өлкөлөрдө 798 400дөн ашык кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда (341 094), ошондой эле АКШда (60 миң), Германияда (15 миң), Кореяда

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Ноябрь айында Бишкек шаарында кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метринин орточо баасы сегменттер боюнча олуттуу айырмаланганын Жер ресурстары боюнча агенттиктин маалыматы көрсөттү. Эң жогорку көрсөткүчтөр турак үйлөр сегментинде катталган, ал эми эң төмөнкү баалар социалдык жана административдик кыймылсыз мүлккө тиешелүү. Бишкек шаарында 1 чарчы метрдин орточо баасы сом менен: * Турак жай