Чуулгандуу мыйзам долбоору – бизнес каршы, бийлик макул

Чуулгандуу мыйзам долбоору – бизнес каршы, бийлик макул

Бүгүн, 13-августта Экономика жана Финансы министрлигинин экономикалык долбоорлорду иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси Кубан Айдаралиев «Биринчи радионун» түз эфиринде КРнын экономикасына киргизилчү өзгөчө кырдаалга кооптонууга негиз жок деген пикири менен бөлүштү. Ал эми эксперт бул мыйзамдын логикасы туура эмес деген пикирин айтты.

Радионун берүүсүндө андан тышкары, Кыргызстандагы зергерлер бирлигинин төрагасы Сталбек Акматов жана Эл аралык ишкерлер кеңешинин эксперти Жанабиль Давлетбаев катышты.

Кубан Айдаралиев: «Кооптонууга негиз жок. ӨК дүйнө жүзүндө баарында бар. ӨК учурунда өзгөчө укуктук статус берилет. Конституциянын негизинде адамдардын юридикалык укуктарын чектөө мыйзамы да бар. Баалар өсүп кетти. Анын токтотуунун бир эле жолу КНСти алып салуу болду, тагыраак айтканда, алынып салынган салыктын эсебинен кыскарды. Ошондой эле экономикага ӨК көмүскө экономиканы тышка чыгаруу болуп жатат», – деди Айдаралиев.

Ошондой эле ал салык режимдери Салык кодекси өкмөт белгилеген ставкалардын деңгээлинин чегинде гана өзгөрөөрүн, ал 12%дан өйдө көтөрүлбөй тургандыгын, ылдыйлатса болоорун бирок жогорулатууга негиз жок экенин айтты.

«Салык кодекси бул мыйзам өтсө да өтпөсө да салык режимин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет», – деди ал.  

Ал эми Сталбек Акматов болсо, дүйнөлүк практикада ошол эле Суданда, Индияда мындай мыйзам эч кандай пайда бербегендигин айтып өттү.

Ал эми эл аралык ишкерлер кеңешинин эксперти Жанабиль Давлетбаев болсо бул мыйзам салык кызматы, мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашарын, бирок аны жергиликтүү салык кызматы кандай колдоноору жазылган эместигине тынчсызданды.

«Пандемия убагы болобу, башка убак болобу, өзгөчө абал болот. Мисалы, бир адам ооруп калса, ага кислородду бууп, чайдын ордуна суу берип башташты. Оор абалда турган ишкерлерге деле ушундай абал жаралып жатпайбы, логика  бузулуп жатпайбы. Рынок экономикасы убагында бул терс таасир этет. Ошол мыйзамсыз эле антикризистик чаралар чыгат. Бул мыйзамдын  максаттары так жазылбай калган. Кайсы багытта өзгөрөт түшүнүксүз», – деди ал.

Эске салсак, Мыйзамга ылайык, экономикага өзгөчө кырдаал төмөнкү учурларда парламенттин макулдугусуз киргизилет:

  • эгерде отчеттук мезгилде өткөн жылга салыштырмалуу баалар 3.5%га өскөн болсо
  • эгер тышкы карыздын суммасы 10%га көбөйсө
  • эгерде акыркы үч айда ИДПнын экономикалык компоненттери 10%га кыскарган болсо
  • эгерде үч айдын ичинде тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү олуттуу төмөндөгөн болсо
  • эгерде акыркы үч айда салык чогултуу 10%га кыскарган болсо
  • эгерде акыркы чейректе инвестициялык абалдын начарлашы жана капиталдын 20%га чыгып кетиши байкалса.

Бирок кечээ, 12 -августта Министрлер Кабинети салык төлөөчүнүн салык режимин Салык кодексинин алкагында гана өзгөртө алаарын экономика жана каржы министринин орун басары Данияр Иманалиев экономикага өзгөчө кырдаалдар жөнүндөгү мыйзамды талкуулаган жыйында билдирген.

Министрдин орун басары ошондой эле мыйзам бузуулар боюнча кодекске, жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдарга, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча өзгөртүүлөр мыйзам долбоорунан алынып салынганын айтты. Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар, соода, лицензиялоо жана авторизациялоо системасы жана Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү иштелип чыккан.

Эскерте кетсек, бул мыйзам бизнести тынчсыздандырып жатат. Кыргызстандагы 70ден ашык бизнес-ассоциациялардын кызыкчылыктарын коргогон Бизнес Ассоциациялардын Улуттук Альянсы (БАУА) президенттен экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна вето коюуну же аны милдеттүү түрдө коомдук талкуу менен кайра кароого жөнөтүүнү суранып, ачык кат жөнөтүшкөн болчу.

«Министрлер Кабинети тарабынан бул ыйгарым укуктар колдонулса, терс көрүнүштөр пайда болушу мүмкүн, мисалы, өлкөдө бизнес жүргүзүү шарттарынын начарлашы, капиталдын азайышы, глобалдык пандемиянын экинчи жылы, түзүлгөн оор абал ишкерлердин көмүскөгө киришине алып келет жана каралып жаткан мыйзам долбоору экономикалык кризиске түртөт», – деп айтылат кайрылууда.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

2020-жылдан 2025-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети алты эседен ашык өстү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Бул өсүш куткаруучулардын айлык акысынын жогорулоосуна жана коопсуздукту күчөтүүгө түздөн-түз таасир берди, - деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 2020-жылы министрликтин чарбалык субъекттери 3,9 млн сом зыян менен иштесе, учурда 240,8 млн

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу жаңы бассейндин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Адылбек Касымалиев өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүү – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жыл сайын республикалык бюджеттен 1 млрд сомдон 3 млрд сомго

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт 2025-жылдын миграциялык абалы жана кыргызстандыктардын укуктарын коргоо чаралары тууралуу брифингде маалымат берди. Ага ылайык, 2025-жылдын декабрына карата чет өлкөлөрдө 798 400дөн ашык кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда (341 094), ошондой эле АКШда (60 миң), Германияда (15 миң), Кореяда

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Ноябрь айында Бишкек шаарында кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метринин орточо баасы сегменттер боюнча олуттуу айырмаланганын Жер ресурстары боюнча агенттиктин маалыматы көрсөттү. Эң жогорку көрсөткүчтөр турак үйлөр сегментинде катталган, ал эми эң төмөнкү баалар социалдык жана административдик кыймылсыз мүлккө тиешелүү. Бишкек шаарында 1 чарчы метрдин орточо баасы сом менен: * Турак жай