Digital CASA долбоору боюнча тендердин жеңүүчүсүнөн 300 миң доллар талап кылышкан – чиновник билдирди

Digital CASA долбоору боюнча тендердин жеңүүчүсүнөн 300 миң доллар талап кылышкан – чиновник билдирди

Мурдагы мамлекеттик кызматкер Уран Чекирбаев президенттик аппараттын бөлүм башчысы кызматынан кетти. Ал муну кесиптештеринин  Digital CASA долбоору боюнча опузалоо аракеттерин ачык жарыялагандыгы менен түшүндүрдү. Бул тууралуу Чекирбаев өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

«Көптөр эмне үчүн жумушуңдан кеттиң деп сурап жатышат. Негизги себеби – менин Президенттик Администрацияда менин кесиптештерим, тактап айтканда, санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчылары Муканов (мурдагы) жана Байтереков (азыркы) Digital CASA долбоорунун тендеринин жеңүүчүсүнөн 300 миң доллар опузалап алуу аракетин кылганын ачык айттым», – деди ал.

«Белгилүү болгондой, Дүйнөлүк банк 50 млн доллар суммасындагы долбоорду тоңдуруп койду. Анын 25 млн доллары грант болчу. Мунун бир себеби дал ушундай жаман көрүнүштөрдөн улам болду. Мага КРнын премьер-министри Марипов өзү мени кызматтан кетүүмдү талап кылганын айтышты. Ал эми президенттин Администрациясынын башчысы Касмамбетов Digital KASA долбооруна  байланыштуу жагдайды уккан да, коргогон да, иликтеген да, ал эмес президентке бул кырдаалды жеткирген да жок.

Президент Жапаров мындай команда менен алыска барбайт. Президент ишке ашырууга буйрук берет бирок кол алдындагылар өз билгениндей жасашат. Элестетиңиз, өлкө 25 млн доллар жоготту. Интернет айылдарга туташтырылган эмес, бул каражатка ошону ишке ашырсак болмок.

Мен түшүнгөндөй, мына ушундай кадр саясатынын айынан 30 жылдан бери өлкө башаламан болуп, чөгүп баратат. Бул өлкө үчүн уят. Мен Марипов менен Касмамбетов опузалоого тиешеси жок деп ишенем, бирок алардын иш-аракеттери тескерисин көрсөтүп турат. Эгерде мага бир нерсе болуп кетсе, мунун баары эмне себептен болгонун айткым келет», – деп жазды Уран Чекирбаев.

  • Эскерте кетсек, 5-августта Министрлер кабинети «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорун ишке ашыруу 2018-жылы башталгандыгына карабастан, Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан долбоордун 4 компонентинин бири дагы ишке ашырылган эмес деп билдирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМдин Финансылык-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы үч жүргүнчү микроавтобусун сатып алуу боюнча кайталап тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 9 млн 660 миң сом бөлүү пландалууда. Техникалык мүнөздөмөгө ылайык, 16 жүргүнчү орундан ашпаган, 2025–2026-жылдары чыгарылган жана кара түстөгү микроавтобустар талап кылынат. "Жеткирилүүчү автоунаалар жаңы болушу

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Имарат 2025-жылдын июль айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулду.  Долбоорго ылайык, жалпы 200 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Бүгүн журналисттер, блогерлер, балык өстүрүүчүлөр жана кызыккан активдүү жарандар үчүн Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Тянь-Шань форель" ЖЧКсынын балык жемин өндүргөн жаңы заводуна пресс-тур уюштурулду. Балык жемин чыгарган бул заводдун курулушу 2025-жылы май айында башталган. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7 млн долларды түзөт. Анын ичинен 5 млн доллар

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен электр тармактары ишканасы 2026-жылы облус боюнча 54 587 "акылдуу" эсептегичтерди (АСКУЭ) орноторун мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Программа Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылат. Анын негизги максаты — энергетика секторун модернизациялоо, санариптик башкарууга өтүү жана электр энергиясын натыйжалуу колдонуу. Жаңы эсептегичтердин район боюнча бөлүнүшү: * Сүлүктү РЭС — 15 193 * Кадамжай