Казакстан КРга 1000 тонна буудайды жардам катары берүүнү карап жатат

Казакстан КРга 1000 тонна буудайды жардам катары берүүнү карап жатат

Казакстан Республикасынын КРгы элчиси Рапиль Жошыбаев казак тарап быйылкы жылы 1000 тонна күздүк буудайдын түшүмдүү үрөнүн гранттык жардам катары берүү маселесин карап жатканын маалымдады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Казакстан тарабынын демилгеси боюнча кечээ, 12-августта КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын КРгы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды.

Министр Казакбаев казак тарапка азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле коронавирустук пандемиянын жайылышына каршы күрөшүү үчүн көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Бул багытта, Казак элчиси Жошыбаев казак тарап быйылкы жылы 1000 тонна күздүк буудайдын түшүмдүү үрөнүн гранттык жардам катары берүү маселесин карап жатканын маалымдады.

Эки тарап саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара чөйрөсүндөгү кыргыз-казак мамилесинин учурдагы жана актуалдуу маселелеринин кеңири талкуулашты.

Кыргыз тарап эки өлкөнүн аймагы аркылуу Кыргызстандын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө жана транспорт каражаттарынын жана жарандардын эркин жүрүүсү жана транзити үчүн чектөө чараларын мүмкүн болушунча эртерээк алып салуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

2020-жылдан 2025-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети алты эседен ашык өстү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Бул өсүш куткаруучулардын айлык акысынын жогорулоосуна жана коопсуздукту күчөтүүгө түздөн-түз таасир берди, - деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 2020-жылы министрликтин чарбалык субъекттери 3,9 млн сом зыян менен иштесе, учурда 240,8 млн

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу жаңы бассейндин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Адылбек Касымалиев өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүү – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жыл сайын республикалык бюджеттен 1 млрд сомдон 3 млрд сомго

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт 2025-жылдын миграциялык абалы жана кыргызстандыктардын укуктарын коргоо чаралары тууралуу брифингде маалымат берди. Ага ылайык, 2025-жылдын декабрына карата чет өлкөлөрдө 798 400дөн ашык кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда (341 094), ошондой эле АКШда (60 миң), Германияда (15 миң), Кореяда

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Ноябрь айында Бишкек шаарында кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метринин орточо баасы сегменттер боюнча олуттуу айырмаланганын Жер ресурстары боюнча агенттиктин маалыматы көрсөттү. Эң жогорку көрсөткүчтөр турак үйлөр сегментинде катталган, ал эми эң төмөнкү баалар социалдык жана административдик кыймылсыз мүлккө тиешелүү. Бишкек шаарында 1 чарчы метрдин орточо баасы сом менен: * Турак жай