Президент милициянын бизнести текшерүүсүнө каршы

Президент милициянын бизнести текшерүүсүнө каршы

Президент Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча ички иштер органдарынын участкалык кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү демилгесине каршы. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, ички иштер органдарынын кызматкерлери ишкердик субъектилердин ишине эч кандай кийлигишпеши керек. Участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин – коомдук тартипти коргоо жана ага бөлүнгөн участокто кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди аткарууга милдеттүү.

«Президент Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин участкалык милиция кызматкерлерине аталган ыйгарым укуктарды берүү демилгесине караманча каршы», – деп билдирди өлкө башчынын маалымат кызматы.

Эскерте кетсек, өткөн айдын ортосунда экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров экономикалык чөйрөдө райондук башкармалыктарга текшерүүчү ыйгарым укуктарды бере турган токтом долбоорун иштеп чыгып, министрлер кабинетине киргизүүнү тапшырган. 4 -августта, бул маселе боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өткөн.

Ишканаларды текшерүү үчүн аймактык милицияга ыйгарым укуктарды берүү жаман натыйжаларга алып келиши мүмкүн деген пикирин Economist.kg сайтына Кыргызстандын ишкерлер бирлигинин президенти Мелис Сатаров билдирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

2020-жылдан 2025-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети алты эседен ашык өстү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Бул өсүш куткаруучулардын айлык акысынын жогорулоосуна жана коопсуздукту күчөтүүгө түздөн-түз таасир берди, - деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 2020-жылы министрликтин чарбалык субъекттери 3,9 млн сом зыян менен иштесе, учурда 240,8 млн

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу жаңы бассейндин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Адылбек Касымалиев өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүү – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жыл сайын республикалык бюджеттен 1 млрд сомдон 3 млрд сомго

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт 2025-жылдын миграциялык абалы жана кыргызстандыктардын укуктарын коргоо чаралары тууралуу брифингде маалымат берди. Ага ылайык, 2025-жылдын декабрына карата чет өлкөлөрдө 798 400дөн ашык кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда (341 094), ошондой эле АКШда (60 миң), Германияда (15 миң), Кореяда

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Ноябрь айында Бишкек шаарында кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метринин орточо баасы сегменттер боюнча олуттуу айырмаланганын Жер ресурстары боюнча агенттиктин маалыматы көрсөттү. Эң жогорку көрсөткүчтөр турак үйлөр сегментинде катталган, ал эми эң төмөнкү баалар социалдык жана административдик кыймылсыз мүлккө тиешелүү. Бишкек шаарында 1 чарчы метрдин орточо баасы сом менен: * Турак жай