Улуттук банк үч коммерциялык банктын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүн бекитти
Улуттук банк кечээ, 12 -августта үч коммерциялык банктын көз карандысыз директорлордун талапкерлигин бекитти. Бул тууралуу регулятордун басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык:
- Эрмек Абласовдун талапкерлиги «БАКАЙ БАНК» ААКнын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызматына
- Юлия Кимдин талапкерлиги «Кыргызкоммерцбанк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана текшерүү комитетинин төрагалыгына
- «Дос-Кредобанк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитетинин төрагалыгына Гүланда Нурмолдоеванын талапкерлиги бекитилди.