Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Гранттар каякка кетип жатат? Кыргызстанда финансылык жардамдарды мониторинг кылган система эмнеге жок?

Назира Абдиева

30 жылдык эгемендүүлүгүнүн өнүгүү тарыхында Кыргызстан эч бир финансылык көз карандысыздыкка жете албады. Өлкөдөгү кедейликтин деңгээлин да түшүрө алган жок. Билим берүү, саламаттыкты сактоо системасында, климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү, экономикалык өсүүнү камсыздоо, инновациялык өзгөрүүлөрдү жана инфраструктураларды жайылтуу боюнча да көзгө көрүнөөрлүк жыйынтыктар болгон жок.  

Бийлик бийик трибуналарында дайыма кыйкырып келген өнүгүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн, өзүнүн финансылык абалын оңдоонун ордуна, сырттан жардам сурап келет. 

Экономикалык өсүү жана кызматташтык уюмунун маалыматына ылайык, 2009-2018-ж.ж. аралыгында Кыргызстанга 1.5 млрд доллар гранттык жардам келген. КРнын финансы министрлигинин отчетунда 2010-2016-ж.ж. эл аралык финансылык институттарынан 3.5 млрд, анын ичинен 3 млрд (86%) – кредиттик каражаттар,  0.5 млрд доллар (14%) гранттар болгону көрсөтүлөт. Ачык булактардан алынган маалыматка ылайык, 1992-2018-ж.ж. Кыргызстан сырттан 10.2 млрд, анын ичинен 7.3 млрд – кредиттер, андан азыраак 3% – гранттык жардамдарды алган.      

Финансы министрлиги алынган каражаттар билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл-чарба, транспорт, энергетика тармактарындагы маанилүү долбоорлорду каржылоого кеткендигин айтат. Ал эми сырттан гранттарды тартып келүү – сырткы карыздардын көбөйүшүнө негативдүү таасирин тийгизди. Учурда бул көрсөткүч 4.9 млрд долларга (407 млрд сом) жетти.

Кыргызстанды ким каржылайт?

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга эки топтогу донорлор финансылык жардам көрсөтөт.

  • Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк, Евразиялык Өнүктүрүү Банкы, Евросоюз, Ислам Өнүктүрүү Банкы, Эл Аралык Валюттук Фонду ж.б.у.с. көп тараптуу эл аралык организациялар;
  • Кытай, Россия, Япония, Швейцария, Германия, АКШ, Улуу Британия, Түркия, Дания, Нидерланд ж.б. шериктеш өлкөлөрдүн бийликтери. 

КРнын Финансы министрлигинин берген маалыматына караганда, эң ири донорлор болуп – АӨБ, ДБ, ЭАВФ, ЭАӨБ, ал эми өлкөлөрдөн – Кытай, Япония, Германия, Түркия жана Россия эсептелет.    

Учурда мамлекет бул алынган акчалардын жок дегенде кайсы бир бөлүгүн да төлөп бере ала турган абалда эмес. Ушуга байланыштуу КРнын бийлиги айрыкча 5 жылдык мөөнөткө алынган «оор» кредиттерди узартуу жана реструктуризациялоо боюнча дайыма сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Бирок ошол эле кезде карыз алган КРнын өкмөтү финансылык оорчулуктарын жарым-жартылай жеңилдете турган, мамлекеттик башкаруудагы маанилүү маселелерди чечкенге жардам болчу  гранттарды алуудан эч баш тартпай келет.

Жоголгон миллиондор

Каражаттардын таасиринин жоктугунун биринчи себеби болуп – сырттан келген гранттар тууралуу ишенимдүү ачык маалыматтарды көрсөткөн базанын жоктугу эсептелет. Бул өз кезегинде жарандык коомго, мамлекеттик органдарга, донордук коомдун өзүнө да финансылык жардамдарга мониторинг жүргүзүүнү татаалдаштырат же такыр эле мүмкүндүк бербейт.

Ушундан улам КРнын улуттук статистикалык жана Финансы министирлигинин толук эмес же баарын бириктирип салган көрсөткүчтөрү, чыныгы картинаны көрсөтпөгөн маалыматтарына байланыштуу – изилдөө, тактоо, анализ жүргүзүү кыйынчылык туудурат. Ошондуктан статистикага мониторинг жүргүзүүгө кызыкдар тараптарга дайыма эле ишенимдүү булак табуу кыйынчылык жаратат.    

Гранттык каражаттарды сарптоо суроолорун ачыктап, так сандардарды көрсөтүү менен негизи мамлекеттик атайын профилдик бөлүмдөр алектениш керек эле. Мисалы, ошол эле донордук жардамдарга аудит өткөрүш керек болгон эсептөө палатасы, 2021-жылдын февраль айында донордук долбоорлордун таасирдүүлүгү тууралуу бир дагы отчетун жарыялаган эмес. 

Кандай коркунучтар жаралат? Жогоруда айтылгандардан сырткары, сырткы жардамдарга баа берүү жана мониторинг системасынын, коомчулукка жеткиликтүү маалыматтын жоктугу – кайрадан эле коррупциялашкан чиновниктердин гранттарды манипуляциялоосуна, алардын кетирген каражаттары тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрдү чектөөсүнө жол ачат.

Аягы жок

Коронавирус темасына келе турган болсок: өлкөдөгү COVID-19 илдети кескин жайылганда КРнын бийлиги сырттан болжолдуу 1 млрд доллар жардам сураган. Финансылык каржылоо өтүнүчүнө – Эл Аралык Валюттук Фонду, Улуттук Банк, Азия Өнүктүрүү Банкы, Инфраструктуралык Инвестиция Азиялык Банкы, Евросоюз, Германдык Өнүктүрүү Банкы, Европа Инвестиция Банкы жана Ислам Өнүктүрүү Банкы, андан сырткары Евросоюз бириккен өлкөлөр шериктештиги, Япония жана Россия Федерациясы жооп берген. 2021-жылдын 25-январындагы маалыматтарга ылайык, Кыргызстан 366.8 млн доллар эл аралык финансы институттарынан жардам алган.    

Өткөн жылдын жай айларында КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары алынган кредиттик жана гранттык каражаттардын түшүнүксүз сарпталып жаткандыгы тууралуу суроону көтөрүп чыгышкан. Андан башка парламентарийлер болсо, акчанын экономиканын өнүгүүсүнө эмес, күнүмдүк чыгымдарга кеткенин айткан. Саламаттыкты сактоо системасынын чыгымдарына кеткен каражаттардын «башка» жактарга да кетип жатканына депутат Наталья Никитенко көңүл бурган.   

«Кредиттердин жана гранттардын негизги бөлүгү социалдык чыңалуудан качуу үчүн пенсия жана пособияларды төлөөгө багытталды. Саламаттыкты сактоо системасы коронавирус менен күрөшүүгө жетишсиз каржыланып жатат. Өпкөнү шамалдатуучу жасалма аппараттар, тез жардам машиналары, сапаттуу тест системдерди алганга акча бөлүнбөдү. Биз өкмөткө эл аралык организациялардан келген каражаттардын туура бөлүштүрүлүшүнө көрсөтмө беришибиз керек», – деп ал 2020-жылдын июнь айында Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетип, министрлер кабинети алмашкандан кийин айткан. 

Белгилей кетчү жагдай, 2020-жылдын октябрында Садыр Жапаровдун кызычыклыгы үчүн алмашкан бийликтен кийин, экономикалык кылмыштар менен күрөшкөн мамлекеттик кызмат, КРдагы COVID-19 илдетинин биринчи жана экинчи толкунунда келген жана каржалган гранттык акчаларды ким башкаргандыгы тууралуу суроолор менен алектене башташты.

Пандемия менен күрөшүүгө келген каражаттар тууралуу бийликтин кызыкчылыгындагылардан башка эч ким деле алгылыктуу алектенген жок. Демек, 2021-жылдын январында айтылган ведомстволор аралык комиссиянын коронавирус кырдаалын изилдөөсү объективдүү болду деп айтуу кыйын.  

Тилекке каршы, комиссия көчөлөрдү дезинфекциялоо, тоннелдердеги дезинфекциялоого колдонулган уулуу заттардын жарандардын организмине тийгизген таасири тууралуу анчалык деле чоң мааниге ээ эмес учурларды айтып жатып, финансылык каражаттарды таасирдүү бөлүштүрүү тууралуу суроолорго жетишээрлик деңгээлде көңүл бурган эмес. Жардамдардын акылга сыйбас сарпталышына адистер, жаңылыш жыйынтыктарды көрсөткөн илдетти тез арада аныктоочу сапатсыз экспресс-тесттердин алынганын да кошушкан.

Эгерде каражаттардын жалпы сарпталышы тууралуу айта турган болсок, Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, сырттан алынган финансы булактары (кредиттер жана гранттар) коюлган 18.9 млрд сомдук деңгээлдеги пландын 84%ын түзгөн. Каражаттын чоң бөлүгүн мамлекет транспорт (4.2 млрд сом), энергетика (3.6 млрд сом), суу менен камсыз кылуу (2.3 млрд сом) и инфраструктурага (1.8 млрд сом) жумшаганын Economist.kg. сайты жогоруда айтылган министрликтин көрсөткүчтөрүнөн алган.

КРга бөлүнгөн каражаттар канчалык таза жана дайындоо жолу менен иштетилгенин изилдеп чыгуу – ыйгарым укуктуу органдары үчүн бир нече айды талап кылат. Бир гана тана албай турган факт болуп, өлкөгө сырттан келген жардамдарды баалоо жана мониторинг жүргүзүү системасынын жоктугу – 2020-жылы ИДӨмү 8.6%га түшкөн Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасында алгылыктуу жыйынтыктарга жетиши үчүн токоол болмокчу. Шерик өлкөлөр берген каражаттардын таза иштетилбегени – алардын ишениминен чыгып, келечектеги жардам алууга залакасын тийгизээри турган кеп. Мына ошондо Кыргызстанга экономикны жана социалдык тармакты өнүктүрүү кыйын болот. Мүмкүн, регрессивдүү процессти токтотуп, сырттан келген каржылоону көзөмөлгө алууга мезгил келгендир?!  

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости