Алтайлык компаниялар кыргызстандык ишкерлер менен жолугушуу өткөрүүдө

Алтайлык компаниялар кыргызстандык ишкерлер менен жолугушуу өткөрүүдө

Соода-өнөр жай палатасында Алтайтан келген делегация менен бизнес-жолугушууга 20 кыргызстандык компаниялар катышууда. Иш-чара бүгүн, 16-августта, Бишкекте В2В форматындагы сүйлөшүүлөр түрүндө уланып жатат. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады.

Россия тараптан «Торговый Дом Снабженец» ЖЧКсы (Калман нан өндүрүмдөр комбинаты), «Михайловский Мукомольный Комбинат» ЖЧКсы, «Сиболеум» жана «Норд» компаниясы катышууда. Бул компаниялар кыргызстандык өнөктөштөргө дандын түрлөрүн, ун, ири мүйүздүү мал жана куштар үчүн жем-тоюттарды сунуштап жатышат.

Берилген маалыматка ылайык, эртеңден тарта Алтайдан делегация Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен бирге кызыктырган багыттар боюнча эки тараптуу пайдалуу келишимдерди түзүү үчүн эки күн бою кыргызстандык компанияларды кыдыраарын Соода-өнөр жай палатасынан айтышты.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган

Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган

Мамлекеттик салык кызматы күйүүчү майды маркалоо оператору – "Учкун" ачык акционердик коому менен биргеликте 2025-жылдын 1-декабрына карата 2 млн 142,2 миң тонна бензин жана дизель отунун маркалады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мындан тышкары, 2025-жылдын 11 айында күйүүчү-майлоочу материалдарга (КММ) карата акциз салыгы боюнча 3 млрд 736,7

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жана Бажы комитетинин кызматкерлери ири көлөмдөгү алтынды контрабандалык жол менен алып өтүү аракетин токтотушканын  Podrobno.uz басылмасы маалымдады. Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары Фергана облусунун 31 жаштагы тургунун "Дустлик" чек ара бекетине жакын жерден кармашкан. Анын сумкасын текшерүү учурунда инспекторлор үч даана металлдан жасалган

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кечээ Кабул шаарында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Афганистандын транспорт жана жарандык авиация министринин орун басары Абдул Хайдари жолугуп Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.  Эл аралык жүк ташууларды кеңейтүү максатында кыргыз тарап 2026-жылга карата 1000 даана уруксат бланктарын алмашууну сунуштап, афган тарап бул

Бишкекте Яндекс Кыргызстан жана “Тэкайым” фонду уюштурган Urban Tech хакатонун жеңүүчүлөрү аныкталды: студенттер шаардын коопсуздугу жана өнүгүшү үчүн технологиялык чечимдерди сунушташты

Бишкекте Яндекс Кыргызстан жана “Тэкайым” фонду уюштурган Urban Tech хакатонун жеңүүчүлөрү аныкталды: студенттер шаардын коопсуздугу жана өнүгүшү үчүн технологиялык чечимдерди сунушташты

Яндекс Кыргызстан жана “Тэкайым” фонду Бишкекте шаар үчүн технологиялык чечимдерди иштеп чыгуубоюнча Urban Tech хакатонун өткөрүштү. Байгелүү орундарды үч команда ээледи — алар мектептерди куруу үчүн оптималдуу локацияларды аныктоо, ошондой эле эки интеллектуалдык система- кампустагы энергия жоготууларын башкаруу жана шаардагы жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча долбоорлорду сунушташты. Urban Tech хакатонуна IT-адистиктери жана