Баткендеги «Головнойду» оңдоо иштеринде 1.5 млн сом мыйзамсыз иштетилген

Баткендеги «Головнойду» оңдоо иштеринде 1.5 млн сом мыйзамсыз иштетилген

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүү жайын оңдоп-түзөө жана ага тийиштүү тетиктерди сатып алуу үчүн тендер жарыяланган. Суу чарба башкармалыктын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучуларга мыйзамсыз түрдө 1 657 851 сом которуп салган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлаганын жергиликтүү басылма жазып чыкты.

Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды.

Билдирмеге караганда, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы стратегиялык объект болгон «Головной» суу бөлүштүрүү жайын оңдоп-түзөө жана ага тийиштүү тетиктерди сатып алуу үчүн тендер жарыяланган.

«Суу чарба башкармалыктын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучуларга мыйзамсыз түрдө 1 657 851 сом которуп салган. Алар мамлекеттик сатып алуулардын талаптарын бузуп, өз кезегинде аталган объектинин оңдоп-түзөө иштерин аткарышкан эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, Ак-Сай жана Капчыгай насостук станцияларын куруу боюнча тендер өткөрүүдө жогорудагы жооптуу кызматкерлер эң жогорку бааны сунуштаган тарапты жеңүүчү деп табышкан. Анын кесепетинен мамлекеттен коротулган ашыкча чыгым 602 503 сомду түзгөн.

Ал эми 651 396 сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары мыйзамсыз жол менен өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпы дээрлик 3 млн сом зыян келтирилген.

Материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

2020-жылдан 2025-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети алты эседен ашык өстү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Бул өсүш куткаруучулардын айлык акысынын жогорулоосуна жана коопсуздукту күчөтүүгө түздөн-түз таасир берди, - деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 2020-жылы министрликтин чарбалык субъекттери 3,9 млн сом зыян менен иштесе, учурда 240,8 млн

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу жаңы бассейндин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Адылбек Касымалиев өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүү – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жыл сайын республикалык бюджеттен 1 млрд сомдон 3 млрд сомго

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт 2025-жылдын миграциялык абалы жана кыргызстандыктардын укуктарын коргоо чаралары тууралуу брифингде маалымат берди. Ага ылайык, 2025-жылдын декабрына карата чет өлкөлөрдө 798 400дөн ашык кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда (341 094), ошондой эле АКШда (60 миң), Германияда (15 миң), Кореяда

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Ноябрь айында Бишкек шаарында кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метринин орточо баасы сегменттер боюнча олуттуу айырмаланганын Жер ресурстары боюнча агенттиктин маалыматы көрсөттү. Эң жогорку көрсөткүчтөр турак үйлөр сегментинде катталган, ал эми эң төмөнкү баалар социалдык жана административдик кыймылсыз мүлккө тиешелүү. Бишкек шаарында 1 чарчы метрдин орточо баасы сом менен: * Турак жай