Улуттук банк КРнын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө карата алтын жана күмүш коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат
Улуттук банк 2021-жылдын 16-августунан тартып, КРнын эгемендигинин 30 жылдыгына карата «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» алтын жана күмүш коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу УБтын маалымат кызматы кабарлады.
Алтын монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, кыргыз элинин биримдигин жана гүлдөп-өркүндөшүн чагылдырган улуттук оюулар менен кооздолгон, жетишкендиктин жана бакубаттуулуктун символу катары боз үйдүн сүрөтү саналат. Боз үйдүн чок ортосунда «30 жыл» (30 лет) деген жазуу түшүрүлгөн.
Монетанын төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы жана улуттук валютанын графикалык символу «100 С» көрсөтүлгөн. Монетанын аталышы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл / Независимой Кыргызской Республике – 30 лет» монетаны тегерете түшүрүлгөн.
Монетанын арткы бетинде улуттук оюулар менен шырдактын – кийиз килемдин сүрөтү түшүрүлгөн. Монетанын чок ортосунда КРнын герби түшүрүлгөн. Монетанын сол жагында сапат белгиси (Au 999°) жана монетанын салмагы (7,78 g), ал эми монетанын оң жагында чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» жазуусу түшүрүлгөн.
Күмүш монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, региондор аралык жана аймактык биримдиктин символу катары гүлдүн жети желекчеси түрүндө берилген жана «30 жыл» (30 лет) жазуусу менен бириктирилген, Кыргызстандын ар бир регионунун географиялык картасынын сүрөтү саналат. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» жазуусу түшүрүлгөн. Сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана монетанын салмагы (28,28 g), оң жагында монетанын номиналы «10 сом» чагылдырылган.
Монетанын арткы бетинин чок ортосунда өлкөнүн желегинин элесин билдирген, улуттук оюулар жана күндүн нурлары менен курчалган Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» жазуусу түшүрүлгөн.
Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. Улуттук валютанын коллекциялык монеталары КРнын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
- Алтын монетанын сатуу баасы: 50 660 сом.
- Күмүш монетанын сатуу баасы: 3 410 сом.
- Коллекциялык монеталарды сатуу Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 9.00дөн 15.00гө чейин жүргүзүлөт, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg веб сайты аркылуу.



