Өзүбүздө картошка ашып-ташып жатса, эми аны дагы Египеттен ташып келебизби? – Токтогазиев

Өзүбүздө картошка ашып-ташып жатса, эми аны дагы Египеттен ташып келебизби? – Токтогазиев

Кыргызстан Египеттен картошка жана цитрус жемиштерин импорттоого кызыкдар. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков Египет Араб Республикасынын КРгы элчиси Манал Элсаид Йехия Элшиннави менен жолугушуусунда айтылган. Бул жагдайга коомдук ишмер жана активист Тилек Токтогазиев фейсбук баракчасында өз оюн билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык дыйкандар картошканы жетишээрлик деңгээлде өндүрүшөт жана ал кээде сатылбай ашып калган учурлары да болот.

«Биздин дыйкандар картошканы Кыргызстандын өзүбүздүн ички керектүүлүгүнөн дээрлик эки эсе көбүрөөк өндүрөт. Жылда ашып калган картошканы каякка сатабыз деп карапайым дыйкандардын башы ооруйт. Өзүңөр билгендей эле, учурунда бир министр так ошол картошка сатылбай, массалык түрдө чирип кеткен үчүн, өзүнүн кызматынан кеткен.

Эми биз өзүбүздөн ашып ташып жаткан картошканы дагы миңдеген километрлер алыс жайгашкан Египеттен бери ташып келебизби? Бул эмне деген нонсенс? Бул эмне деген өзүн өзү сыйлабастык?», – деди ал.  

Токтогазиев билдиргендей, кыргызстандык атка минерлер эл аралык деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө даярданбай эле келишет.

«Суунун башында туруп, чөлдө жайгашкан Түркмөнстандан помидор менен сабиз сатып алабыз. Суунун башында туруп, Өзбекстандан жер жемиш, мөмө жемиштерди сатып алабыз.Суунун башында туруп эми, Египеттен картошка ташыйбызбы?», – деп тынчсызданды ал.

Ошондой эле ал азыркы айыл-чарба министрлигинин саясаты ушундай болсо, анда алдыда дыйкандар үчүн абдан оор убакыт келгенин айтты.

«Бизде азыркы учурда экспортко чыгара турган картошка, сүт, төө бурчак, өрүк, жана дагы бир нече эле жер жемиштер бар. Кайра иштетилген продукция болсо экспортко аз эле чыгат. Жок дегенде ошолорду экспортко жөнөтүп, кайра иштетүү секторго басым кылышыбыз керек. Тилекке каршы, биз агрардык өлкө эмеспиз. Агрардык саясатты түп тамыры менен өзгөртүш керек. Эң негизги приоритет ички өндүрүшкө берилиш керек. Импортту азайтып, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоп, экспортко чыгарганга жакшыраак шарттарды түзүш керекпиз», – деген оюн билдирди Токтогазиев.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМдин Финансылык-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы үч жүргүнчү микроавтобусун сатып алуу боюнча кайталап тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 9 млн 660 миң сом бөлүү пландалууда. Техникалык мүнөздөмөгө ылайык, 16 жүргүнчү орундан ашпаган, 2025–2026-жылдары чыгарылган жана кара түстөгү микроавтобустар талап кылынат. "Жеткирилүүчү автоунаалар жаңы болушу

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Имарат 2025-жылдын июль айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулду.  Долбоорго ылайык, жалпы 200 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Бүгүн журналисттер, блогерлер, балык өстүрүүчүлөр жана кызыккан активдүү жарандар үчүн Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Тянь-Шань форель" ЖЧКсынын балык жемин өндүргөн жаңы заводуна пресс-тур уюштурулду. Балык жемин чыгарган бул заводдун курулушу 2025-жылы май айында башталган. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7 млн долларды түзөт. Анын ичинен 5 млн доллар

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен электр тармактары ишканасы 2026-жылы облус боюнча 54 587 "акылдуу" эсептегичтерди (АСКУЭ) орноторун мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Программа Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылат. Анын негизги максаты — энергетика секторун модернизациялоо, санариптик башкарууга өтүү жана электр энергиясын натыйжалуу колдонуу. Жаңы эсептегичтердин район боюнча бөлүнүшү: * Сүлүктү РЭС — 15 193 * Кадамжай