Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Ошто 900 иш орундуу тигүү фабрикасынын курулушу жүрүп жатат

Назира Абдиева

Ошто 900 иш орундуу тигүү фабрикасынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү Фондунун төрагасы Артем Новиков өзүнүн фейсбук баракчасында билдирди.

Ал түштүк жергесине болгон иш сапарынын алкагында ондон ашык ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан.

«Ошто 900дөн ашык жумуш орундарын түзө турган чоң тигүү фабрикасын куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Кошумчалай кетсек, Араван жана Кара-Суу райондорунда жалпы аянты 8 гектарды түзгөн күнөскана чарбасынын ээлери Фонддун өкүлдөрү менен тыгыз иштешип, комплексти эки эсеге кеңейтүү үчүн каржылоо алышат. Ошондой эле  дагы бир компания насыя алуу үчүн арыз берүүдө, анын долбоору Россиядан келген абердин ангус бодо малынын асыл тукумун өстүрүүгө багытталган», – дейт Новиков.

Ал региондогу долбоорлорду ишке ашыруу динамикасы жакшы экенин, Фонд артыкчылыктуу багыттар боюнча кредиттик линияларды берүү үчүн ишкерлер менен иштөөнү улантаарын билдирди.

  • Белгилей кетсек, учурда ОКӨФтүн портфелине түз каржыланган 67 долбоор жана коммерциялык банктар менен микрофинансылык уюмдар аркылуу каржыланган 2973 долбоор кирет. Берилген кредиттердин жалпы суммасы – 384 млн долларды түзөт.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости