Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Банктардын кардарларынын маалыматтарын алуу боюнча Салык кызматы комментарий берди

Назира Абдиева

Салык кызматы банктардын кардарларынын сыр маалыматтарын соттун чечими жок эле алуу укугун берген, өзгөртүүлөр киргизилип жаткан кодекс тууралуу Мамлекеттик салык кызматы комментарий берди.

МСКнын айтымында, КРнын жаңы Салык кодексинин долбоорунда каралган салык органдары менен банк мекемелеринин өз ара аракеттешүүсүнүн тартиби жөнүндө эксперттик жумушчу топтун иши аяктай элек.

Буга ылайык, ченемдик укуктук актынын долбоору азыркы учурда коомчулуктун кеңири талкуусуна коюлган эмес жана иштелип чыгуу стадиясында турат.

Коомдук талкууга ченемдик укуктук актынын киргизилген сунуштарды эске алуу менен жеткире иштелип чыккан варианты гана чыгарыла тургандыктан, бул тема боюнча ар кандай маалыматтарды жайылтуу эрте болуп саналат деп эсептейт МСК.

Белгилей кетсек, учурда эксперттик жумушчу топ тарабынан КРнын Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, бул топко мамлекеттик органдардан жана көз карандысыз эксперттерден тышкары бизнес-коомчулуктун, анын ичинде банк секторунун өкүлдөрү тартылган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын банктар союзу фейсбук барагында Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексинин 126-беренесине «банктын кардарлары тууралуу дээрлик бардык маалыматты» ачыктоого жол ачкан түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатканын тынчсыздануу менен билдирген болчу.

Салык кызматы кардарлардын эсептери аркылуу жүргөн бардык операциялар менен эсептин азыркы абалы тууралуу маалыматтарды дагы соттун чечими жок эле алууну көздөп жатат деп айтылган ал билдирүүдө. Бирок азыр жаңы кодекс эч жерде жарыялана элек жана жогоруда айтылгандай жумушчу топ тарабынан иштелүүдө.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости