Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Кыргызстандын ЕАЭБдеги ИДПсы 0.3%ды гана түзөт –Акылбек Жапаров

Назира Абдиева

Кыргызстандын ЕАЭБдеги ИДПсы 0.3%ды гана түзгөнү менен Кыргызстан менен Россиянын энергетика, тоо-кен, айыл-чарбасы, жер казынасын пайдалануу, өнөр жай өндүрүшү жана туризм сыяктуу тармактарды өнүктүрүүдө көптөгөн байланыш түйүндөрү бар. Бул тууралуу экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров III Кыргыз-Орус бизнес форумунун алкагында билдирди.

«Белгилүү болгондой, соода жүгүртүү экономикада маанилүү көрсөткүч болуп саналат. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылдын аягында 640 млн долларды түздү. Бул чек эмес экенин жана 1-2 млрд долларга чейин бул жерде эбегейсиз потенциал бар экенин айтышым керек», – деди Жапаров.

Ошондой эле ал ЕАЭБдин бирдиктүү рыногуна чыгууну кеңейтүү, инфраструктураны өнүктүрүү, өлкөнүн транзиттик потенциалын ишке ашырууга көмөктөшүү, ЕАЭБдин бирдиктүү энергетикалык рыногунун алкагында Кыргызстанда гидроэнергетиканы өнүктүрүү, санариптештирүү жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

«Ооба, бүгүнкү күндө Кыргызстандын ЕАЭБдеги ИДПсы 0.3%ды гана түзөт. Бирок биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эсебинен кыргыз продукцияларынын экспорттук-импорттук динамикасын жакшырта алдык. Жалпысынан алганда, акыркы 5 жылдын ичинде ЕАЭБдин соода көлөмү 39%га өсүп, 62 млрд долларды түздү. Бул жерде принцип жөнөкөй – арзан жана сапаттуу продукция өндүрүп, Россиянын, Казакстандын, Беларусиянын жана Армениянын рыногуна чыгууга болот. Биздин продукцияга суроо-талап көп экенин билем», – деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Экономика министри соода кылууда доллар менен эсептөөдөн баш тартып, рублга өтүүгө чакырды.

«Бүгүн эл аралык жолугушуулардын негизги атрибуттарынын бири болгон котормочулардын кабинасынын жоктугу. Бул Орусия менен Кыргызстанга котормочулардын кереги жоктугунан кабар берет. Биз бир эле тилде сүйлөйбүз. Анда эмне үчүн биз соодада өз ара эсептешүүлөр үчүн доллар түрүндөгү ортомчуну колдонобуз? Мен доллардык төлөмдөрдөн баш тартып, рублга өтүүнү сунуштайм», – деди Акылбек Жапаров.

  • Айта кетсек, бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдөгү Сары-Ой айылында «ЕАЭБдин алкагында жаңы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу III Кыргыз-Орус бизнес форуму өтүп жатат.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости