Кыргызстандык M-Vector компаниясы Өзбекстанда өзүнүн кеңсесин ачты
Кыргызстандык M-Vector изилдөө компаниясы Ташкентте өзүнүн кеңсесин ачты. Бул тууралуу уюмдун билдирүүсүндө айтылат.
M-Vector Борбор Азиянын эң ири өлкөлөрүнүн биринде өзүнүн кеңсесине ээ болуу кардарларга Борбор Азия чөлкөмүндө дагы көп кызматтарды көрсөтүүгө, долбоорлордун баасын оптималдаштырууга жана маалыматтарды тез жана сапаттуу чогултууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
- M-Vector – Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө (Кыргызстан жана Тажикстан), ошондой эле Канадада эл аралык изилдөө жана консультациялык компания катары таанылып келет. 1997-жылдан бери M-Vector 1300дөн ашык изилдөө жана консалтинг долбоорлорун ишке ашырган.