Бизнеске банктардан кредит алуу үчүн 24 млн долларлык кепилдик берилет
«Кепилдик фонду» ишкерлерге банктардан кредит алуу үчүн 24 млн доллар өлчөмүндө кепилдик берет. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Кепилдиктерди берүү ишкерлерге шашылыш колдоо көрсөтүү долбоорунун алкагында ишке ашат. Бул долбоор Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА, Дүйнөлүк банктын структурасы) жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы (AИB) тарабынан каржыланат.
Бул долбоорго ылайык, Кепилдик фонду 24 млн доллар суммасындагы портфелдик тобокелдиктерди бөлүшүү механизми компонентин ишке ашырууга жардам берет.
«Кепилдик фонду» ишкерлерге кепилдиктерди берет, бул банк тутумуна коронавирустук инфекция пандемиясынын шартында жана андан кийинки калыбына келтирүү мезгилинде ишкердикти кредиттөөнүн учурдагы көлөмүн сактоого мүмкүндүк бериши керек.
«Бул чаралар ишкерлерге каржылоо булактарына жетүүнү камсыздайт жана ошону менен бизнес-процесстерди түзүүгө, сатуу рынокторун сактоого, материалдык, техникалык жана финансылык абалды чыңдоого мүмкүндүк берет», – деп билдиришти фонддон.