Тамеки жана алкоголь продукцияларын маркалоого бир айда 17 млн код берилди

Тамеки жана алкоголь продукцияларын  маркалоого бир айда 17 млн код берилди

Алкоголдук жана тамеки продукцияларына милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген учурдан тартып, 2021-жылдын 1-августуна карата санариптик идентификациялоо каражаттары менен 16 млн 941 миң маркалоо коду берилген. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Алсак, тамеки продукциясына – 16 млн 350 миң код, ал эми алкоголдук продукцияга –  590 миң 249 код берилген.

Ошондой эле, «Товарларды маркалоо» АМТсына 7 тамеки буюмдарын импорттоочу, ошондой эле 8 алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчү жана 11 импортоочу катталган жана маркалоо коддорун алышат.

Эске салсак, 2021-жылдын 1-июлунан тартып КРда милдеттүү маркалоого арак, ликер-арак ичимдиктери, күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар, шараптар, коньяктар (коньяк спиртинен башка), шуулдама шарап (шампанды кошкондо), алкоголу аз ичимдиктер, тамекилер (чыпкалуу жана чыпкасыз) жана тамеки менен ысытылуучу буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылуучу капсула) милдеттүү түрдө маркалоого жатат.

Милдеттүү түрдө маркалоого тийиш болгон товарларга маркалоо коддорун өндүрүүчү же импорттоочу өзү алышы жана колдонушу керек.

  • Товарларды маркалоо – бул машинада окула турган формадагы белгилердин уникалдуу ырааттуулугу. Ал товарлардын ар бир бирдиги жөнүндө маалыматты камтыган дата-матрикс коду.

Маркалоону киргизүү өндүрүүчүдөн жана импорттоочудан тартып, акыркы керектөөчүгө чейинки товардын бүт жолун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, ата мекендик бизнестин өнүгүүсүнө жагымдуу шарт түзөт, калкты сапатсыз товарлардын коргойт жана маркаланган товарларды Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө тоскоолдуксуз жеткирүүнү камсыз кылат деп билдирет Салык кызматы.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМдин Финансылык-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы үч жүргүнчү микроавтобусун сатып алуу боюнча кайталап тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 9 млн 660 миң сом бөлүү пландалууда. Техникалык мүнөздөмөгө ылайык, 16 жүргүнчү орундан ашпаган, 2025–2026-жылдары чыгарылган жана кара түстөгү микроавтобустар талап кылынат. "Жеткирилүүчү автоунаалар жаңы болушу

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Имарат 2025-жылдын июль айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулду.  Долбоорго ылайык, жалпы 200 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Бүгүн журналисттер, блогерлер, балык өстүрүүчүлөр жана кызыккан активдүү жарандар үчүн Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Тянь-Шань форель" ЖЧКсынын балык жемин өндүргөн жаңы заводуна пресс-тур уюштурулду. Балык жемин чыгарган бул заводдун курулушу 2025-жылы май айында башталган. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7 млн долларды түзөт. Анын ичинен 5 млн доллар

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен электр тармактары ишканасы 2026-жылы облус боюнча 54 587 "акылдуу" эсептегичтерди (АСКУЭ) орноторун мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Программа Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылат. Анын негизги максаты — энергетика секторун модернизациялоо, санариптик башкарууга өтүү жана электр энергиясын натыйжалуу колдонуу. Жаңы эсептегичтердин район боюнча бөлүнүшү: * Сүлүктү РЭС — 15 193 * Кадамжай