Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Татарстандан КРга санариптик өнүктүрүү боюнча эксперттер келишти

Назира Абдиева

Татарстандан келген санарип эксперттер Санариптик өнүктүрүү министрлигине тажрыйба алмашуу жана таанышуу визити менен келишкен. Бул тууралуу СӨМдүн маалымат кызматы кабарлады.

Делегациянын курамында Татарстан Республикасынын мамлекеттик башкаруунун санариптик өнүктүрүү, маалыматтык технологиялар жана байланыш министринин орун басары Альберт Яковлев, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча көп функциялуу борбордун (КФБ) директору Ленара Музафарова, «Документ алмашуу системасы» ЖЧК башчысы жана өкүлдөрү, ТРнын мамлекеттик буюртма боюнча Мамлекеттик агенттигинин жетекчилери, ТРнын премьер-министринин жардамчысы Насибуллин Назил жетектеп келген.

Визиттин жүрүшүндө кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлуп, тараптар тажрыйба алмашуу, кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, биргелешкен илимий изилдөө жана ишмердүүлүк сыяктуу өз ара кызматташуунун бир катар багыттарын аныкташты деп билдирди министрликтен.

Маалыматка ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги КТБунда тейлөө деңгээлин жогорулатуу багытында инновациялык системаны киргизүү боюнча мыйзамдарды иштеп чыгууда. Бул процесстерди жана тейлөө кызматтарын автоматташтырууга өбөлгө түзүп, күтүү убактысынын кыскарышына, тейлөөнүн ылдамдыгынын жогорулашына жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына системалуу түрдө таасирин тийгизет.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости