Centerra: Кумтөрдүн борбордук карьеринде топтолгон суу – кендин тектеринин кулап түшүү коркунучун туудурат

Centerra: Кумтөрдүн борбордук карьеринде топтолгон суу – кендин тектеринин кулап түшүү коркунучун туудурат

«Центерра Голд» «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын социалдык түйүндөгү баракчасына жарыяланган сүрөттөр менен видеолордо кендин борбордук карьерин суу каптап жатканына көңүл бурду.

Бул сүрөттөргө таянып, канадалык компания Кумтөрдүн борбордук карьеринин түбүндө кеминде 40 метр суу топтолгон болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

«Centerra компаниясы көзөмөлдөгөн 25 жылдан ашуун убакыттан бери карьердин түбүндө мындай суу топтолгон эмес. Бул жагдай кенге жана анын жумушчуларына эле эмес, айлана-чөйрөгө да катастрофалык кесепеттерге алып келген зыян берет. Коопсуздук жана иштөө маселесин чечүү үчүн тез арада чара көрүү керек деп эсептейбиз», – деп айтылат компаниянын маалыматында.

«Кумтөр Голд Компанинин» президенти катары 2020-жылдын январына чейин беш жыл бою кенди башкарган «Центерранын» операциялык директору Дэн Дежардиндин айтымында, кен иштеткен тажрыйбалуу адам карьердеги топтолгон суу – стабилдүүлүктү төмөндөтөөрүн жана каптал тектеринин кулап калуу коркунучун жогорулатарын билиш керек дейт. «Кумтөр мөңгүлөргө жакын жайгашкандыктан, ал жердеги сууну сордуруп туруу кендин коопсуз иштеши үчүн дайыма маанилүү болгон. Биз шахтаны иштеткенибизде, мөңгүдөгү ээриген суунун дээрлик баары ачык карьерге жеткенге чейин чыгарылчу», – деди ал.

«Учурда мөңгү суусу карьерге көзөмөлсүз агып жатат. Бул кендин жумушчуларынын коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет. Биз өкмөт дайындаган жетекчилик кендин абалын баалоо үчүн дароо тоо-кен тармагындагы көз карандысыз эксперттерди тартууга жана анын жыйынтыгын баарына көрсөтүү керек деп эсептейбиз», – деди Дежарден.

Ал ошондой эле кыргыз өкмөтүн көз карандысыз жергиликтүү жана эл аралык журналисттердин кенге келип, ал жерде эмне болуп жатканын көрүүгө уруксат берүүгө чакырды.

Centerra азыркы жетекчилик кенди коопсуз иштетүү үчүн керектүү ресурстарды бербей жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМдин Финансылык-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы үч жүргүнчү микроавтобусун сатып алуу боюнча кайталап тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 9 млн 660 миң сом бөлүү пландалууда. Техникалык мүнөздөмөгө ылайык, 16 жүргүнчү орундан ашпаган, 2025–2026-жылдары чыгарылган жана кара түстөгү микроавтобустар талап кылынат. "Жеткирилүүчү автоунаалар жаңы болушу

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Имарат 2025-жылдын июль айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулду.  Долбоорго ылайык, жалпы 200 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Бүгүн журналисттер, блогерлер, балык өстүрүүчүлөр жана кызыккан активдүү жарандар үчүн Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Тянь-Шань форель" ЖЧКсынын балык жемин өндүргөн жаңы заводуна пресс-тур уюштурулду. Балык жемин чыгарган бул заводдун курулушу 2025-жылы май айында башталган. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7 млн долларды түзөт. Анын ичинен 5 млн доллар

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен электр тармактары ишканасы 2026-жылы облус боюнча 54 587 "акылдуу" эсептегичтерди (АСКУЭ) орноторун мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Программа Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылат. Анын негизги максаты — энергетика секторун модернизациялоо, санариптик башкарууга өтүү жана электр энергиясын натыйжалуу колдонуу. Жаңы эсептегичтердин район боюнча бөлүнүшү: * Сүлүктү РЭС — 15 193 * Кадамжай