Ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү азайтылат жана алар бир нече салыктын ордуна бир салык төлөшөт

Ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү азайтылат жана алар бир нече салыктын ордуна бир салык төлөшөт

Президент Садыр Жапаров кечээ, 31-августта, Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосунда 15 жумушчу орунду түзгөн ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн 17%дан 4%га чейин түшүрүүнү убада кылды.

Анын айтымында, министрлер кабинети тиешелүү жарлыктарды жана токтомдорду даярдап жатат. Президент ошондой эле салык жаатында чоң өзгөрүүлөрдү убада кылды. Анын айтымында, ишкерлер жаңы жылдан баштап салыктын бир нече түрүн төлөөнүн ордуна бир гана салык түрүн төлөшөт.

Бирок иш жүзүндө бул кандай болоорун президент так айткан жок.

«Үстүбүздөгү жылдын жети айында эле биз мурдагы режимдин салык жана бажы мыйзам бузууларын жоюу жана улуттук кызыкчылыктарга ылайык тоо-кен тармагын өнүктүрүү аркылуу кошумча 12 млрд сом чогултууга жетиштик. Натыйжада, пенсияларды жана жөлөк пулдарды көбөйтүүгө, ошондой эле коронавируска каршы дарыларды жана вакциналарды сатып алууга даярданып жатабыз», – деди ал ал өз сөзүндө.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМдин Финансылык-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы үч жүргүнчү микроавтобусун сатып алуу боюнча кайталап тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 9 млн 660 миң сом бөлүү пландалууда. Техникалык мүнөздөмөгө ылайык, 16 жүргүнчү орундан ашпаган, 2025–2026-жылдары чыгарылган жана кара түстөгү микроавтобустар талап кылынат. "Жеткирилүүчү автоунаалар жаңы болушу

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Имарат 2025-жылдын июль айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулду.  Долбоорго ылайык, жалпы 200 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Бүгүн журналисттер, блогерлер, балык өстүрүүчүлөр жана кызыккан активдүү жарандар үчүн Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Тянь-Шань форель" ЖЧКсынын балык жемин өндүргөн жаңы заводуна пресс-тур уюштурулду. Балык жемин чыгарган бул заводдун курулушу 2025-жылы май айында башталган. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7 млн долларды түзөт. Анын ичинен 5 млн доллар

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен электр тармактары ишканасы 2026-жылы облус боюнча 54 587 "акылдуу" эсептегичтерди (АСКУЭ) орноторун мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Программа Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылат. Анын негизги максаты — энергетика секторун модернизациялоо, санариптик башкарууга өтүү жана электр энергиясын натыйжалуу колдонуу. Жаңы эсептегичтердин район боюнча бөлүнүшү: * Сүлүктү РЭС — 15 193 * Кадамжай