Кыргызстандык ишкерлер Венгрияда өтө турган ири бизнес-форумга барышат

Кыргызстандык ишкерлер Венгрияда өтө турган ири бизнес-форумга барышат

КРнын Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык делегацияны Венгрияда өтө турган ири бизнес-форумга даярдоодо. Бул тууралуу аталган палатанын маалымат кызматы билдирди.

В2В форматындагы иш-чара 2021–жылдын 23-сентябрында Будапеште өтөт.

Түрк тилдүү мамлекеттеринин Соода-өнөр жай палаталарынын башчылары жана ишкерлеринин катышуусу менен бизнес-форумду уюштуруу демилгеси Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанга таандык. Иш-чаранын башкы максаты – өлкө-мүчөлөрдүн жана байкоочулардын кеңири инвестициялык долбоорлордо мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү.

ТТМК Кеңеши, түрк тилдүү мамлекеттердин СӨПсы, Венгриянын экспортту алдыга жылдыруу агенттиги жана Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы алдын ала пикир алмашуунун жыйынтыгында, Түрк кеңешинин мамлекет-мүчөлөрүнөн 60 ишкерлерди чакыруу чечими кабыл алынганын (ар бир өлкөдөн 12ден адам) СӨП кабарлады.

Жеке ишкерлер саламаттыкты сактоо, айыл жана суу чарбасы, тамак-аш өндүрүшү (ирригацияны кошкондо) ж.б. тармактардан болот. Венгрия тараптан 40ка чукул компаниялар катышат. Алардын басымдуусу Венгриянын Алдыңкы экспортерлор өнөктөштүгү программасынын мүчөлөрү болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМдин Финансылык-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы үч жүргүнчү микроавтобусун сатып алуу боюнча кайталап тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 9 млн 660 миң сом бөлүү пландалууда. Техникалык мүнөздөмөгө ылайык, 16 жүргүнчү орундан ашпаган, 2025–2026-жылдары чыгарылган жана кара түстөгү микроавтобустар талап кылынат. "Жеткирилүүчү автоунаалар жаңы болушу

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Имарат 2025-жылдын июль айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулду.  Долбоорго ылайык, жалпы 200 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Бүгүн журналисттер, блогерлер, балык өстүрүүчүлөр жана кызыккан активдүү жарандар үчүн Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Тянь-Шань форель" ЖЧКсынын балык жемин өндүргөн жаңы заводуна пресс-тур уюштурулду. Балык жемин чыгарган бул заводдун курулушу 2025-жылы май айында башталган. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7 млн долларды түзөт. Анын ичинен 5 млн доллар

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен электр тармактары ишканасы 2026-жылы облус боюнча 54 587 "акылдуу" эсептегичтерди (АСКУЭ) орноторун мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Программа Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылат. Анын негизги максаты — энергетика секторун модернизациялоо, санариптик башкарууга өтүү жана электр энергиясын натыйжалуу колдонуу. Жаңы эсептегичтердин район боюнча бөлүнүшү: * Сүлүктү РЭС — 15 193 * Кадамжай