Бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын лимиттен ашык колдонууда
Бир сутка ичинде бөлүштүрүүчү компаниялар лимиттен ашык 1.447 млн кВт.саат электр энергиясын сарпташты. Бул тууралуу Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору билдирди.
Бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан кечээ, 1-сентябрда электр энергиясынын күнүмдүк керектөөсү 21.920 млн кВт/с түзгөн.
Бөлүштүрүүчү компаниялардын күнүмдүк керектөөсү төмөндөгүдөй болгон:
«Түндүкэлектро» ААК – 10.873 млн кВт/с
«Чыгышэлектро» ААК – 2.868 млн кВт/с
«Ошэлектро» ААК – 5.100 млн кВт/с
«Жалалабатэлектро» ААК – 3.079 млн кВт/с
1.447 млн кВт/с лимиттен ашык колдонулган.
Эскерте кетсек, Энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков Economist.kg сайтына берген маегинде КРгы энергетикалык кризистин себептеринин бири да дал ушул бөлүштүрүүчү компаниялардын ашыкча керектөөсүнөн келип чыгууда деген пикирин айткан болчу.
КР электр энергияны Түркмөнстандан сатып алат
Тиешелүү келишимге Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол коюшкан.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун 27-28-июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарында эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашышкан.
Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын августунан декабрына чейин Түркмөнстан КРга 501.9 млн кВт/с электр энергиясын берет. Ал келишимдин алкагында, Түркмөнстан 9-августка чейин 19.2 млн кВт/с электр энергиясын экспорттогон.
- «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2021-жылдын июль айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 971 млн 206 миң кВт/с түзгөн.