Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Эми КРнын бардык жарандары мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалыматты көрө алышат

Назира Абдиева

Маалыматтык технологияларынын адистери элдин акчасы кайда жана кантип жумшалып жатканын оңой жана жөнөкөй түрдө түшүнүү үчүн жаңы куралды иштеп чыгышты. Эми Кыргызстандын каалаган жараны реалдуу убакыт режиминде маалымат ала алат. Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» Фондунун маалымат кызматы билдирет.

Бул жөнүндө чет өлкөдөн келген Open Contracting Partnership (Ачык келишимдик өнөктөштүк) аттуу эл аралык кызматташтык платформасынын эксперттери кененирээк талкуу жүргүзүшөт. Боло турган иш чара «Ачык Бюджет үчүн» Ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен 2021-жылдын 2 сентябрында өтөөрүн аталган фонддон кабарлашты.

Эл аралык эксперттер катышуучуларга Кыргызстандын мамлекеттик сатып алууларынын http://zakupki.gov.kg/ веб-порталында жарыяланган мамлекеттик сатып алууларды комплекстүү талдоонун жаңы кесиптик аналитикалык куралын тартуулашат.

Кошумчалай кетсек, эксперттер мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мониторингдин жана көзөмөлдүн мыкты дүйнөлүк тажрыйбалары жана алар бүгүнкү күндө Кыргызстанда кандайча колдонулуп жаткандыгы тууралуу айтып беришет. Ошондой эле, Кыргызстанда аналитикалык куралды киргизүүнүн пландары менен этаптарын талкуулашат.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости