«Карагундысай №1» көмүр участогу аукционго коюлду
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги «Карагундысай №1» участогунда жер казынасын пайдалануу жана көмүрдү иштетүү лицензиясын аукционго койду.
Лицензиянын баштапкы баасы 1640 доллар экени белгилүү болду.
- «Карагундысай №1» Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан.
- Геологиялык сүрөттөлүшү: 176.9 миң тонна.
- Аукцион 2021-жылдын 13-октябрында Кербен шаарында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун аймактык мамлекеттик администрациясынын имаратында өтөт.