Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 1.5%га өстү
Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 80.5 миң адамды түздү. Бул өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 1.5% га көп. Мындай маалыматтарды Улуттук статистикалык комитет берди.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан 1-августка карата жумуш менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кызматта катталган адамдардын саны 104.6 миң адамды түзгөн (2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4%га көп).
Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 46.1%ын аялдар түзгөн. Жалпы жумуш күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 3.1%ды түздү.