Акыркы 6 айда КРга тыштан которулган акча 1.1 млрд долларды түздү – Улуттук банк

Акыркы 6 айда КРга тыштан которулган акча  1.1 млрд долларды түздү – Улуттук банк

2021-жылдын январь-июль айларында жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кирүүсү 31.1%га жогорулап, 1.1 млрд АКШ долларынын тегерегин түзгөн. Мындай маалыматты кечээ, 2-сентябрда Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.

Буга карабастан 2021-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү өткөн жылдын ушундай эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1.6%га төмөндөгөн.

Өнөр жай өндүрүшү менен айыл-чарба өндүрүшүнүн көлөмүнүн кыскарышы – өлкө экономикасынын калыбына келүүсүн токтотуп турган негизги факторлордон болгон. Ички суроо-талаптын динамикасы акырындык менен калыбына келүүнү көрсөтүүдө, бирок өзүнүн пандемияга чейинки деңгээлине жете элек.

КРгы инфляциянын динамикасына дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк товарларына болгон баалардын өсүшү таасирин тийгизүүдө деп түшүндүрөт УБ. «2021-жылдын август айында (20сына карата) керектөө баалары жылдык мааниде 14.1%га өскөн, ал эми жыл башынан тартып керектөө бааларынын өсүшү 6.3% деңгээлинде түптөлгөн. Ошол эле учурда жашылча- жемиштердин бааларынын сезондук арзандашы инфляциянын түптөлгөн динамикасына дефляциялык таасир тийгизген. Бир катар административдик баалардын жана тарифтердин наркынын жогорулашы мүмкүндүгү 2021-жылы жалпы инфляцияга кошумча салым кошушу мүмкүн», – дейт регулятор.  

Инфляциялык басымдын сакталганын эске алуу менен Улуттук банк акча-кредит шарттарын күчөтүү багытында иштерди жүргүзүүнү улантмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМдин Финансылык-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы үч жүргүнчү микроавтобусун сатып алуу боюнча кайталап тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 9 млн 660 миң сом бөлүү пландалууда. Техникалык мүнөздөмөгө ылайык, 16 жүргүнчү орундан ашпаган, 2025–2026-жылдары чыгарылган жана кара түстөгү микроавтобустар талап кылынат. "Жеткирилүүчү автоунаалар жаңы болушу

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Имарат 2025-жылдын июль айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулду.  Долбоорго ылайык, жалпы 200 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Бүгүн журналисттер, блогерлер, балык өстүрүүчүлөр жана кызыккан активдүү жарандар үчүн Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Тянь-Шань форель" ЖЧКсынын балык жемин өндүргөн жаңы заводуна пресс-тур уюштурулду. Балык жемин чыгарган бул заводдун курулушу 2025-жылы май айында башталган. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7 млн долларды түзөт. Анын ичинен 5 млн доллар

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен электр тармактары ишканасы 2026-жылы облус боюнча 54 587 "акылдуу" эсептегичтерди (АСКУЭ) орноторун мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Программа Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылат. Анын негизги максаты — энергетика секторун модернизациялоо, санариптик башкарууга өтүү жана электр энергиясын натыйжалуу колдонуу. Жаңы эсептегичтердин район боюнча бөлүнүшү: * Сүлүктү РЭС — 15 193 * Кадамжай