Бишкек ЖЭБге 12.5 млн сомдук шаймандар сатылып алынат
«Электр станциялары» ААК Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) үчүн турбиналык генераторлордун муздаткычтарын сатып алууга кайра тендер жарыялады (Бюджет КНСти кошкондо 12% кошо көрсөтүлгөн). Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
- Сатып алуу ыкмасы бир этаптуу болот.
- Пландалган сумма 12 млн 459 миң 522.88 сом.
- Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2021-жыл, 13-сентябрь.
Төмөнкү лоттор коюлган:
1) Бишкек ЖЭБи үчүн ВО-543/3340-262-Н-УХЛ4
генераторунун аба муздаткычына – 7 млн 833 миң 396.48 сом каржалат.
2) Бишкек ЖЭБи үчүн ГО-450/5325-34-М-УХЛ4
тибиндеги турбо генераторунун газ муздатуучу аппаратына – 4 млн 626 миң 126.4 сом бөлүнөт.