Бишкектин жаңы мэри кызматына расмий киришти

Бишкектин жаңы мэри кызматына расмий киришти

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри кызматына расмий киришти. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 3-сентябрда, КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Айдана Жупуева Айбек Жунушалиевге Бишкек шаарынын мэринин күбөлүгүн тапшырды.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 26-августунда өткөн. Борбор калаанын мэри болуп Айбек Жунушалиев шайланды. Ал бул кызматка жалгыз талапкер болгон.

  • Айбек Жунушалиев 1976-жылы Чүй областында туулган. КУУнун юриспруденция багыты боюнча билим алган. Ишмердүүлүгүн да ушул университетте мугалимдик кесиптен баштаган. 2021-жылдын февраль айынан тартып өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келсе, 26-августта Бишкектин мэри кызматына келди.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстан Кыргызстанга мунай  жеткирүүнү көбөйтүп, Өзбекстанга транзитти жандантат

Казакстан Кыргызстанга мунай жеткирүүнү көбөйтүп, Өзбекстанга транзитти жандантат

"КазТрансОйл" акционердик коомунун маалыматына ылайык, Казакстан декабрь айында Кыргызстанга нефть жеткирүүнү көбөйтүп, ошондой эле Өзбекстанга нефть транзитин кайра жандандырат. Маалыматка ылайык, Казакстан 2025-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга нефть жеткирүүнү кайра баштаган. Буга чейин мындай жеткирүүлөр акыркы жолу 2017-жылы жүргүзүлгөн. "2025-жылдын аягына чейин “КазТрансОйл” Кыргызстанга 30 миң тоннага чейин

2021-2024-жылдарда түз инвестициялар 140%дан ашык өскөн

2021-2024-жылдарда түз инвестициялар 140%дан ашык өскөн

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес” форумунда өлкөнүн инвестициялык стратегиясы жана соңку жетишкендиктер тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал акыркы беш жылда Кыргызстандын ички дүң продукциясы дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн, быйылкы 11 айда ИДП өсүшү 10,2%га жеткенин белгиледи. Ошондой

Чаткал 2035: Экотуризм жана жашыл энергетика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Чаткал 2035: Экотуризм жана жашыл энергетика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаарында "ЭКО-Чаткал 2035" улуттук форумы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов катышты. Форум Чаткал районун туруктуу өнүктүрүү, климаттык каржылоо механизмдерин колдонуу жана улуттук лейбл-пилотту ишке киргизүү маселелерине арналды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, финансы институттарынын, бизнес-коомчулуктун жана

Кыргызстанда транспорт каражаттары үчүн жаңы үлгүдөгү техпаспорт тааныштырылды

Кыргызстанда транспорт каражаттары үчүн жаңы үлгүдөгү техпаспорт тааныштырылды

Президентке караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордо автоунааларды каттоо тууралуу жаңы үлгүдөгү күбөлүк (техпаспорт) жана "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу унааларды онлайн кайра каттоо кызматы тааныштырылды. Жаңы техпаспорт поликарбонат материалынан жасалып, эскирүүгө абдан туруктуулугу жана жасалма паспорттон күчөтүлгөн коргоосу менен айырмаланат. Документте