Эми электрондук патентти смартфон аркылуу тариздеп, төлөм жүргүзүүгө болот

Эми электрондук патентти смартфон аркылуу тариздеп, төлөм жүргүзүүгө болот

Салык төлөөчүлөр эми салык органына барбастан, смартфондун жардамы менен аралыктан патент толтуруп, баасын эсептөө менен төлөй алышат. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекеттик салык кызматы «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорунун алкагында электрондук патентти мобилдик тиркемелер аркылуу – бул этапта MegaPay мобилдик капчыгы аркылуу тариздөө жана ал үчүн төлөм жүргүзүү боюнча мүмкүнчүлүгүн киргизди.

Маалым даректер жана төлөм суммасы сервис аркылуу автоматтык түрдө түзүлөт, болгону транзакциясын ырастоо керек болот.

Бул сервисти киргизүү салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзөт жана ишкерлердин өздөрүнүн ишин жеңилдетмекчи дейт Мамлекеттик Салык кызматы.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМдин Финансылык-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы үч жүргүнчү микроавтобусун сатып алуу боюнча кайталап тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 9 млн 660 миң сом бөлүү пландалууда. Техникалык мүнөздөмөгө ылайык, 16 жүргүнчү орундан ашпаган, 2025–2026-жылдары чыгарылган жана кара түстөгү микроавтобустар талап кылынат. "Жеткирилүүчү автоунаалар жаңы болушу

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Имарат 2025-жылдын июль айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулду.  Долбоорго ылайык, жалпы 200 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Бүгүн журналисттер, блогерлер, балык өстүрүүчүлөр жана кызыккан активдүү жарандар үчүн Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Тянь-Шань форель" ЖЧКсынын балык жемин өндүргөн жаңы заводуна пресс-тур уюштурулду. Балык жемин чыгарган бул заводдун курулушу 2025-жылы май айында башталган. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7 млн долларды түзөт. Анын ичинен 5 млн доллар

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен электр тармактары ишканасы 2026-жылы облус боюнча 54 587 "акылдуу" эсептегичтерди (АСКУЭ) орноторун мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Программа Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылат. Анын негизги максаты — энергетика секторун модернизациялоо, санариптик башкарууга өтүү жана электр энергиясын натыйжалуу колдонуу. Жаңы эсептегичтердин район боюнча бөлүнүшү: * Сүлүктү РЭС — 15 193 * Кадамжай