Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Пенсиянын орточо көлөмү 6248 сомду түзөт

Назира Абдиева

Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6248 сомду түзөт, бул пенсиянын орточо көлөмүнөн 8%га жогору же 455 сомду түзөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаровдун 2-сентябрда кол койгон жарлыгы боюнча, 1-октябрдан тарта 4785.4 сомго чейинки пенсияга 200 сом, ал эми 4785.4 сомдон жогорку пенсияга 500 сомдон кошулат.

Жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун көлөмүнөн төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоого керектөөлөр 2021-жылдын 1-октябрынан баштап республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 154.3 млн сомду түзөт.  

2021-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатууга чыгымдар Социалдык фонддун бюджетинде каралган. Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен 830.6 млн сом керектелет.

Социалдык фонддун алдын ала жүргүзгөн эсептөөлөрү боюнча, пенсионерлердин саны 2021-жылдын 1-октябрына карата 715.5 миң адамды түзөт.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости