Сентябрдан тарта Россиядан бензин бажы төлөмү менен келе баштайт – Күйүүчү май дагы 1.5 сомго кымбаттайт
Сентябрдан тарта Кыргызстандагы нефтетрейдерлер Россиядан бензинди бажы төлөмү менен ала баштайт, бул күйүүчү майдын литринин 1.3-1.7 сомго кымбатташына алып келет. Бул тууралуу Economist.kg сайтына КРгы Нефтетрейдерлер биримдигинин директору Заур Кипкеев билдирди.
Анын айтымында, учурда Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан бензин алууда тоннасына 19.3 доллар экспорттук бажы алымы колдонулат.
Нефтетрейдерлер биримдигинин башчысы белгилегендей, 5 жылдан бери Россия тараптан бажы төлөмдөрүн чыгарбоо көлөмү өзгөргөн эмес, бирок биздин өлкөдө энергия ресурстарына суроо-талап тынымсыз өсүүдө. Бул унаалардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу.
Экспорттук бажы алымынын кошулушуна байланыштуу күйүүчү майдын литри 1.3-1.7 сомго кымбаттоосу мүмкүн.
Бул жагдай, «2016-жылдын 6-июнундагы мунай жана мунай продуктыларын жеткирүү тууралуу кызматташуу боюнча РФ менен КРнын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун» алкагындагы, 2021-жылга индикативдик баланс боюнча Кыргызстанга бөлүнгөн бензиндин көлөмү ушул жылдын август айында түгөнүп калышына байланыштуу болду деп түшүндүрөт нефтетрейдерлер.
«Буга байланыштуу мунайдын балансында (50 миң тонна) жана дизелдик отундун балансында (50 миң тонна) пайдаланылбаган ресурсту бензиндин пайдасына кайра бөлүштүрүү зарыл. Бул чара ата мекендик компанияларга экспорттук бажы алымынын ставкасын эске албастан дагы үч ай бензин алууга мүмкүндүк берет», – дейт КРнын Нефтетрейдерлер биримдигинин директору.
- Эскерте кетсек, Энергетика жана өнөр жай министрлиги өлкөдө ички рынок каныкканга чейин ЕАЭБдин аймагынан тышкары КРдан мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун талкууга койгон. Евразия экономикалык биримдигинин мунай продуктыларынын жалпы рыноктору пайда болгонго чейин убактылуу тыюу салуу сунушталууда.