Бишкекте Индиянын Евразия соода кеңешинин Өкүлчүлүгүн ачуу пландалууда
Индиялык делегациянын башчысы Бишкек шаарында Индиянын Евразия соода кеңешинин Өкүлчүлүгүн ачуу пландаштырылып жатканын кабарлады. Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Индиялык делегациянын билдиришинче, анын максаты – Индия менен Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода мамилелерин жакшыртуу болуп саналат.
Эскерте кетсек, 5-сентябрда Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин жардамы менен Индиядан бизнес-делегация келген. Бул делегация пандемиядан кийинки мезгилде Индиядан келген биринчи расмий делегация болуп саналат. Индиянын делегациясын Индиянын экономикалык соода уюмунун президенти доктор Асиф Икбал жетектеди. Делегациянын курамында Satya Oil Mills, NV Beverages India, Timmy Export and Import сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери келишкен.
Индиянын бизнес-делегациясынын өкүлдөрү КРда мейманканаларды, айыл-чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды курууга кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов Индия тарапка КРнын эркин экономикалык аймактарынын ишмердүүлүгү, ошондой эле рынокко 500 млн адамдан ашык рынокко кирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берди.