«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК ислам принциптерине ылайык иш жүргүзүү укугуна ээ болду
«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК ислам принциптерине ылайык иш жүргүзүү укугуна ээ болду. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.
КРнын Улуттук банкынын Башкармасы 2021-жылдын 13-октябрында улуттук жана/же чет өлкө валюталарында «ислам терезеси» аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын жүргүзүү укугуна «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коомуна лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алгандыгын маалымдады.