9 айда 55 миң жаранга пенсия чектелди
Соцфонд 2021-жылдын январь-октябрь айларында 55071 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылы октябрь айында 3415 жаранга пенсия чектелген, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 931 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык, пенсиялар кайрадан эсептелген.