Бизнес-акыйкатчы президентке коррупцияга каршы күрөшүүгө жоопкерчилик алганына ыраазычылыгын билдирди
Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит президентке коррупцияга каршы күрөшүүдө жоопкерчилик алганына ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-ноябрда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отурумунда айтты.
Бизнес-акыйкатчы коррупция өнүккөн өлкөлөрдүн баарында бар экендигин айтып, өлкөдөгү коррупция кубулушуна бөгөт салууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.
«Моделдөө жогорку жактан башталыш керек, коррупция менен күрөшүүгө жоопкерчилик алганынызга кубанычтамын. Ошондой эле бул көрүнүшкө каршы күрөшүүгө жардам берүүгө даярбыз», – деди ал.
Иш-чарага Кеңештин мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөш мүчөлөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр, бизнес ассоциациясынын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышууда.