Чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууга ниеттенген компанияларга күбөлүктөр берилди

Чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууга ниеттенген компанияларга күбөлүктөр берилди

Чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууга ниеттенген компанияларга күбөлүктөр берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Энергетика министрлигинде энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча объекттерди (чакан ГЭСтер, күн жана шамал электр станциялары) курууга ниеттенген компанияларга күбөлүктөрдү тапшыруу иш-чарасы өттү. Күбөлүктөр 20 компанияга берилди. План боюнча, бул компаниялар жалпысынан 639.5 МВт кубаттуулук бере турган станцияларды курат.

Белгилей кетсек, күбөлүк алган ишканалар ЭКБ (энергиянын кайра жаралуучу булактары) субъекттеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.

  • ЭКБ субъекттеринин реестри – бул бардык энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъектилерин мамлекеттик каттоого алган бирдиктүү система. Күбөлүк алган компаниялар ЭКБ аркылуу электр энергиясын өндүрүп, аны сатууга, жеткирүүгө укуктуу.

Ошондой эле иш-чарада Доскул Бекмурзаев Энергетика министрлиги өз күчү менен бир нече кичи ГЭСти курууга белсенгенин билдирди.

«Бала-Саруу ГЭСин куруу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планыбыз бар. Суу сактагычтардын плотинасына курулган ГЭСтер ирригацияга терс таасирин тийгизбейт», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр башталганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан 220 киловольттук "Исанов" жаңы көмөк чордонун куруу алкагында электр берүү линиялары өтүүчү багыттарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө жана видеого

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилерин өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет. Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар

Мамлекеттик авто мектептерде окуу баасы 19 миң сом болот

Мамлекеттик авто мектептерде окуу баасы 19 миң сом болот

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор мамлекеттик авто мектептерде окуу качан башталарын түшүндүрдү. Буга чейин Kaktus.media жарандар дээрлик бир ай мурда мамлекеттик авто мектепке онлайн катталып, сайт аркылуу арыз ташташканын, бирок окуу али баштала электигин билдиришкен. Мекеменин маалыматына ылайык, окуу март айында башталат. Учурда курсанттарды кабыл

Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы 53 млн сомдук метамфетамин кармады

Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы 53 млн сомдук метамфетамин кармады

Метамфетамин деп аталган синтетикалык баңгизатын ташуучу каналдын жана трансулуттук кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлганын ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы кабарлады. Аталган мекеменин кызматкерлери УКМК жана коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишин токтотууга багытталган атайын операция жүргүзүшкөн. Натыйжада жасалма баңгизаттарды ташуучу